Кабарлар 2 недели назад
admin Verified #news

Чүй районундагы №1 орто мектепте эпидемиялогиялык абал курчуп жатабы? Министрликтин жообу

— Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги \"Вечерний Бишке\" сайтына жарыялаган «В школе вспышка Covid-19. Почему Минобразования подвергает риску детей?» аталышындагы макала боюнча комментарий берди.— Маалыматка караганда, 79 мугалим жана 22 жумушчу эмгектенген Чүй районундагы №1 орто мектеп Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын оперативдик штабынын чечими боюнча 2020-жылдын 14-декабрынан тартып реалдуу режимде иштөөгө өткөн.Мектеп бардык зарыл болгон дезинфекциялык каражаттар менен камсыздалган. Биринчи эле күндөн тартып мектепте балдарды реалдуу режимде окутуу алгоритми сакталган. Аймактык медициналык мекемелер менен биргеликте мектепте санитардык нормалардын жана талаптардын сакталышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзүлүп келген.\"Ушул жылдын 1-февралынан тартып аталган мектептин мугалимдеринин арасынан белгиси (симптом) жок оорулар айкындалып, Үй-бүлөлүк медициналык борборлор тарабынан 2021-жылдын 12-мартында мектептин кызматкерлери медициналык текшерүүдөн өткөрүлдү жана ПЦРге анализдер тапшырылды. Натыйжада ушул жылдын 15-мартында оперативдик штабдын чечими боюнча мектеп жабылып, онлайн режимде окутууга өткөн. Ошентип, жамааттык контакт жоюлган.    Инкубациялык мезгил өткөндүктөн 2021-жылдын 1-апрелинен тартып Токмок шаарынын жана Чүй районунун Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин чечими боюнча мектеп реалдуу режимде окутууга өттү\", - деп айтылат маалыматта.

На поиски двухлетнего Рамзана из Таласа привлечены 80 милиционеров

Мека Дубанаева
1 неделю назад

Президент поздравил кыргызстанцев с наступлением месяца Рамазан

Мека Дубанаева
1 неделю назад

Марипов Бишкек шаарынын борборундагы заманбап Калкты тейлөө борборунун...

Кабарлар
1 неделю назад

Не доказано. Суд оправдал Текебаева и Чотонова

Мека Дубанаева
1 неделю назад

ГКНБ: В ГУ «Унаа» в Оше за 5 тысяч сосомв выдавали водительс...

Мека Дубанаева
5 дней назад