— Аксы районундагы көз жарган 14 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 16 жаштагы тууганы кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБине таянып, \"Турмуш\" басылмасы жазып чыкты.— Маалыматка караганда, шектүү бүгүн А.К. бүгүн 5-апрелде кармалган. Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди.— Эске салсак, милицияга ушул жылдын 1-апрель күнү болжол менен 07:00 чамасында Аксы райондук ооруканасында 2007-жылы туулган кыз көз жаргандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.— Бул окуя Аксы РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 161-беренесинин 4-бөлүмү (Зордуктоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.