Кабарлар 2 недели назад
admin Verified #news

Талас облустук ички иштер башкармалыгында тергөө бөлүмүнүн уюшулган күнүн белгилөө аземи өттү

— Бүгүн, 6-апрель күнү Тергөө бөлүмүнүн уюшулгандыгына 58 жыл толгондугуна байланыштуу ошол кызматта эмгеги сиңген жана жыйынтыктуу көрсөткүчтөрү менен айырмаланган татыктуу кызматкерлер сыйланды.— Талас ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Марлис Асанов  жана башка жетекчилер куттуктоо сөздөрүн айтып, ИИМнин төш белгилерин, медалдарын жана ардак грамоталарды тапшырды.“Тергөө кызматы абдан түйшүктүү жана жооптуу. Ар бир кылмыш ишин дыкаттык менен текшерип, адилеттүү чечим чыгаруу оңой эмес. Ушундай  мээнет кылып, ишти аягына чейин жеткирүү  силердей кесипкөй мыкты тергөөчүлөрдү  тарбиялайт»,-деди  Марлис Асанов. — Сыйлык алуучулардын арасында ички иштер органында 15, 20 жылдан ашуун тергөө кызматында иштегендер бар. Жаш жана билимдүү кызматкерлер да арбын. Алар Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кодекстерди, башка мыйзамдарды жетекчилик кылуу менен адамдардын укуктарын коргоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө чоң салымдарын кошуп келүүдө.— Талас ОИИБнин жетекчилик курамы майрам ээлерине каалоо тилектерин айтып ыраазычылыктарын билдиришти.

Марат Казакпаев заключен под стражу на 2 месяца

Мека Дубанаева
6 дней назад

Мелис Турганбаев менен Канат Бегалиев күрөшүп жаткан видео тарады

Кабарлар
2 недели назад

Кабыл Абдалиев назначен председателем ГНС

Кабарлар
2 недели назад

«Өчпөс отту» өчүргөн бала \"хайп\" үчүн жасаганын айтып, коомчулуктан...

Кабарлар
2 недели назад

Шералы Камчыбеков Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы болуп шайланды

Кабарлар
2 недели назад