— Кыргызстандын аймагында коронавирустук инфекцияны кайталап жуктурган учур каттала элек. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов билдирди.\"Илдетти кайталап жуктурган боюнча расмий катталгандар жок. Көпчүлүк жарандар жайында ооруп, күзүндө кайрадан ооруп жатканын айтып кайрылышат. Бул оору узакка созулган процесс болгондуктан, калып калат\", - дейт Бектурганов.