Кабарлар 2 недели назад
admin Verified #news

ИИМдин Тергөө кызматы өзүнүн түзүлгөндүгүнүн 58 жылдыгын белгилөөдө

— 2021-жылдын 6-апрель күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы өзүнүн түзүлгөндүгүнүн 58 жылдыгын белгилешүүдө.  Тергөөчүлөрдү майрамы менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Эркебек Аширходжаев куттуктады. “Урматтуу кесиптештер жана ардагерлер! Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин жана өздүк курамынын атынан сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы ички иштер органдарынын алдыңкы кызматтарынын бири болгондуктан, кылмыштардын бетин  ачуу жана иликтөө  боюнча татаал, жоопкерчиликтүү тапшырмаларды аткарышат. Тергөө түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин кылмыштуулук менен күрөшүү тапшырмаларын  чечүүдө саламы зор. Ички иштер органдарынын бардык ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгына чечүүчү ролду ойнойт. Тергөө кызматынын кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык милдеттерине жана антына бек турат. Өз күчтөрүн, билимин жана тажрыйбасын  алдыларына коюлган тапшырмаларды абийирдүү аткарууга жумшайт.  Кесиптик майрамыңыздар күнү сиздерге жана жакындарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай, кызматыңыздарга ийгиликтерди каалайм!”, - деди Эркебек Аширходжаев. — Салтанаттуу шартта кызматында өзгөчөлөнгөн мыкты кызматкерлерге түзүмдүк сыйлыктар тапшырылды.  — Эске салабыз, СССРдин Жогорку Кеңешинин Президиумунун жарлыгы менен 1963-жылдын 6-апрель күнү алдын ала тергөө өндүрүшү укугу Коомдук коопсуздук министрлигине, андан кийин аты өзгөргөн СССРдин Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилген.  Жарлыктын күчүнө кириши менен ички иштер органдарынын тергөө аппаратынын расмий ишмердүүлүгүнүн башталышына жол ачкан.

Камчыбек Ташиев Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министринин сөздөрүнө...

Кабарлар
2 недели назад

В Москве состоялась встреча глав МИД Кыргызстана и России

Кабарлар
2 недели назад

Токмоктук миллиардерди акыркы сапарга узатуу зыйнатында кримтөбөл карм...

Кабарлар
2 недели назад

Алайда көчкү түшүп, мал кайтарып жүргөн 14 жаштагы бала дайынсыз болуу...

Кабарлар
2 недели назад

ГКНБ: По факту вымогательства взятки задержан следователь УВД Первомай...

Мека Дубанаева
14 часов назад