— Жогорку Кеңештин депутаты Айгерим Бешимбаева бүгүн, 6-апрелдеги Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында \"Lalafo\" сервисинде жарандар балдарынын кийимдерин азык-түлүккө алмашууну каалаган жарыяларды чыгарып жатканын айтты.— Ал мындай жарыялар кооптонууну жаратарын белгиледи.