Кабарлар 2 недели назад
admin Verified #news

Кыргызстан менен Таджикистандын ички иштер министрлери Согдий облусунда жолугушту

2021-жылдын 6-апрель күнү Таджикистан Республикасынын Согдий облусунда Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков менен Таджикистан Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-полковниги Рахимзода Рамазон Хамронун  расмий жолугушуусу болду. Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ички иштер органдарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуусуна тиешелүү болгон маселелер талкууланды. Кыргыз Республикасынын Баткен облусу менен Таджикистан Республикасынын Согдий облусунун чек арага чектеш региондорунда  коопсуздук менен туруктуулукту камсыздоо максатында бирдиктүү күч-аракеттерди  жумшоо керектиги айтылды.Андан соң эки өлкөнүн ички иштер министрлери башында турган атайын кызматтарынын жетекчилеринин катышуусунда кеңири чөйрөдөгү  жолугушуу болуп өттү.Ошондой эле, жолугушууда кылмыштуулук, терроризм,  экстремизм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү жана эки тараптын кызыкчылыгын көздөгөн актуалдуу маселелер талкууланды. Ички иштер министрликтердин чек арага чектеш региондорундагы ички иштер органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин ортосундагы байланышты бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулду.Макулдашуунун жыйынтыгы кылмыштуулук менен күрөшүүнүн бардык багыттары боюнча кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө кызыктардыгын жана көп жылдык ишмердүүлүктүн укуктук негиздерин бекемдөөгө даярдыктыгын дагы бир жолу тастыктады.ИИМдин Басма сөз кызматы

Скончалась вдова Чингиза Айтматова Мария Урматовна

Мека Дубанаева
1 день назад

УКМК: Баткен облусунда контрабандалык жүк кармалды

Кабарлар
2 недели назад

Жапаров кореялык ишкерлерди Кыргызстандын экономикасына дагы көбүрөөк...

Кабарлар
2 недели назад

В Оше подозреваемые в разбое разбились насмерть в ДТП

Кабарлар
1 неделю назад

Улан Ниязбеков Баткен облусунда жергиликтүү милиция менен жыйын өткөрд...

Кабарлар
2 недели назад