Кабарлар 2 недели назад
admin Verified #news

Улан Ниязбеков Баткен облусунда жергиликтүү милиция менен жыйын өткөрдү

— 2021-жылдын 6-апрель күнү Тажикистан Республикасынын Согдий облусунда Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков менен Тажикистан Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-полковниги Рахимзода Рамазон Хамронун расмий жолугушуусу болгон.— Улан Ниязбеков Тажикистан Республикасынан иш сапардан кайтып келе жатып Баткен облусуна иш сапары менен келип,  Баткен ОИИБнын бөлүм башчылары жана район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктери менен жыйын өткөрүп, бир катар тапшырмаларды койду.«Шайлоого карата бардык мыйзам бузууларга, анын ичинде добуш сатып алуу фактыларына бөгөт коюлсун. Эгерде добуш сатып алуулар аныкталса, мыйзам чегинде ыкчам чаралар көрүлсүн. Шайлоо таза өтүшү керек, добуштарды сатуу же сатып алуу деген болбош керек.Таза шайлоо-бул Кыргызстандын келечеги. Биз шайлоо жана референдумду өткөрүү учурунда коомдук тартипти жогорку деңгээлде өткөрүп, ар кандай тартип бузууларга жол бербешибиз керек. Ички иштер органдары жергиликтүү шайлоо комиссиясы, жер-жерлердеги жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, укук бузууларга өз учурунда чаралар көрүүнү колго алгыла. Баарыңыздар татыктуу кыймыл-аракетиңиздер менен жарандар алдында натыйжалуу иш көрсөтүңүздөр. Бир дагы жаран тарабынан милицияга нааразычылыктар болбосун. Сөзүмдүн аягында, өтөп жаткан кызматыңыздарга терең ыраазычылык билдирем. Берген антка бек туруп, жүктөлгөн милдеттерди берилүү менен аткарып, коюлган тапшырмаларды аягына чейин  аткарасыздар деп ишенем»,- деди Улан Ниязбеков— Ошондой эле ал мамлекетибиздин бүтүндүгүн сактоодо, укук бузуулардын алдын алууда милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн  өркүндөтүүгө, калктын милицияга болгон ишенимин жогорулатууга милдеттүү экендигин белгилеп, ошол эле учурда коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөөнү талап кылды. Жыйындын соңунда тергөө кызматынын 58 жылдыгы менен куттуктап, өз кесибинде жакшы жетишкен кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды.

В Чуйской области трое парней похитили 17-летнюю девочку

Мека Дубанаева
1 неделю назад

\"Я ее не ел\": первые слова подозреваемого в жутком убийстве Аяжан Ед...

Кабарлар
2 недели назад

Президент Садыр Жапаров выразил соболезнования Королеве Елизавете II в...

Кабарлар
1 неделю назад

Президент Коргоо министрлигинин 30-630 аскер бөлүгүнө 600 миң сомдун с...

Кабарлар
2 недели назад

Алайда көчкү түшүп, мал кайтарып жүргөн 14 жаштагы бала дайынсыз болуу...

Кабарлар
2 недели назад