Кабарлар 2 недели назад
admin Verified #news

Видео: Англисче сүйлөгөн Марипов бизнесмендер менен дарак отургузту

— Бизнес менен өнөктөштүк жана өз-ара пайдалуу мамиле түзүү өлкө экономикасын өнүктүрүүнүн негизи болуп саналат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Бишкек шаарындагы сейил бактардын биринде бизнес жана IT—компания өкүлдөрү менен биргеликте өткөн дарак отургузуу иш-чарасында билдирди. — Иш-чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты тарабынан ишкердүүлүктү колдоого алуу иретинде уюштурулган. «Жалпыбызга белгилүү болгондой, ишкерлик тармак колдоого алынбаса, атамекендик экономиканы өнүктүрүү тууралуу кеп болушу мүмкүн эмес. Буга байланыштуу бүгүнкү күндө Өкмөт бизнести кошумча түрдө колдоого алуу чараларын кабыл алуу аркылуу экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүгө бардык күч-аракетин жумшоодо. Жакында Кыргыз Республикасынын Президенти «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» Жарлыгына кол койду, бул бизге ишенимдүү түрдө иш алып барууга жол ачат», - деди Улукбек Марипов. — Премьер-министр Өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарынын бири катары ишкерлердин жана инвесторлордун укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мамлекет тараптан корголушунун кепилдигин камсыздоо маселеси саналарын баса белгиледи.   «Ишканаларды экономикалык жана финансылык колдоого адуунун, финансылык тутумду жакшыртуу жана кичи жана орто бизнести колдоого алуунун тутумдуу чараларын уюштуруу үстүндө иш жүргүзүлүүдө. Каралып жатккан демилгелердин бардыгы учурдагы абалдын экономиканын конкреттүү тармагынын өнүгүүсүнө карай  таасирине талдоо жүргүзүүгө, ошондой эле бизнестин сунуштарына негизделүүдө», - деп белгиледи ал. — Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүн отургузулган көчөттөр бизнес менен жаңы диалогдун башталышынын саамалыгы катары кабылданат.   «Бул күн биз үчүн мамлекеттин жана ишкерлик тармактын кызматташуусунун жаңы баскычынын символу болуп калат», - деп жыйынтыктады Улукбек Марипов.

Указом президента 111 этнических кыргызов из Китая и Афганистана получ...

Мека Дубанаева
4 дня назад

В Кыргызстане введен запрет на экспорт лекарственных средств

Мека Дубанаева
1 неделю назад

Нужна помощь семье, у которой полностью сгорел дом

Мека Дубанаева
1 неделю назад

Легкоатлетка Дарья Маслова завоевала «золото» на международном марафон...

Мека Дубанаева
2 дня назад

ГКНБ: Маратом Аманкуловым частично возмещен ущерб в размере 50 млн. со...

Кабарлар
2 недели назад