Кабарлар 1 неделю назад
admin Verified #news

Мелис Турганбаев: Өлүмгө жеткирбей алып калууга болмок деп ойлойм

27 жаштагы Айзаданын аянычтуу өлүмү коомчулуктагы курч реакцияларды жаратты. Президент Садыр Жапаров бул ишти жеке көзөмөлүнө алганын билдирди. Өкмөт башчы кызматтык иликтөө жүрүп жатканын, тез арада жоопкерчилик маселеси караларын убада кылды. Би-Би-Си маалымат агенттигине мурдакы ички иштер министри, милициянын генералы Мелис Турганбаевге кайрылып, каргашалуу окуянын алдын алып калууга мүмкүн беле деп сурады. М. Турганбаев: Бул окуя боюнча дал ошол аймактык милиция бөлүмү алдын ала жакшылап иштеши керек болчу. Эми азыр көчөнүн баары эле камера. Ыкчам иштей калышса болмок экен да. Жанагы кызды уурдап жаткандар камерага түшкөн экен, машиненин номуру турат. \"План перехват\" дегенди берип туруп эле, камера менен издеп оперативдүү топтун ошол күнкү нөөмөтү иштеши керек болчу. Мен окуп көрдүм, алдын алып калууга мүмкүн болгон экен. Убагында колго түшүрүү планын берсе эле колго түшмөк да. Азыр жаңы патрулдук милиция жакшы эле иштеп жатпайбы. Би-Би-Си: Активисттер, шаардын айрым жашоочулары ИИМ алдын ала алган жок, министр кызматынан кетсин деп жатат. ИИМ болсо мүмкүн болушунча иштегенин жүйө келтирүүдө. Кызматтан кетсин деген талап канчалык негиздүү деп ойлойсуз? М.Турганбаев: Министрдин го иши көп да. Аймактык милиция бөлүмү, шаар жакшы иштеши керек болчу. Ошол райондун милициясы жакшы иштеш керек эле. Видео, машине номери турат. \"План перехват\" деген берилген эмес го деп турам. Кайрылганда дароо изин суутпай иштесе муну кармап алышмак. Бул ишти карабаган соң кандай чаралар көрүлгөнүн так билбей турам. Эгер Кара-Балтага чейин барып келгени чын болсо жолдун баары эле камера да. \"Ориентировка\" бериш керек эле. Эч жерде \"ориентировка\" жок болсо анда райондук милициянын жетекчилигине катуу чара көрүү керек. Жоопко тартуу керек.

«Expo Kyrgyzstan — Eurasia 2021»: «CTF» Ачык Акционердик Коому

Кабарлар
2 недели назад

Депутат Айбек Осмонов чуулгандуу окуяга олуттуу суроо берди

Кабарлар
1 неделю назад

Суд признал бывшего главу ГСБЭП Бакира Таирова виновным. Ему выписан ш...

Мека Дубанаева
13 часов назад

Премьер-министр Улукбек Марипов навестит семью убитой Айзады

Мека Дубанаева
1 неделю назад

4 айлык Амина жардамга муктаж

Кабарлар
1 неделю назад