11 апреля 2021, 09:44

Улукбек Марипов «COVIDсиз саякатта» долбоору алкагында ишти күчтөндүрүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов авиабилеттерге бааны төмөндөтүү жана «COVIDсиз саякатта» долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Көрсөтүлгөн маселелер боюнча бир катар мамлекеттик ведомстволордун ишинин натыйжалуулугу төмөн болуп жаткандыгы белгиленди.

«Сиздердин аракетсиздигиңерден улам айрым ишкер жарандар сапарга курч муктаждыкты тастыктоочу «негиздеме» - документти бизнеске айлантуусуна алып келди. Сиздер долбоордун ишке ашырылышын тыкыр иштеп чыгып, 1-апрелден тарта аны ишке киргизүүңөр керек эле. Биздин жарандар үчүн Евразия экономикалык бирлиги өлкөлөрү ортосунда жүрүүсү үчүн мыкты мүмкүнчүлүк түзүлдү. Болгону ПЧР-анализ тапшырып, тийиштүү тиркемени көчүрүп алуу керек. Бирок эки лаборатория гана аталган анализди жасап, код бере алат. Эмне себептен лабораториялар аз камтылган?», - деп сурады Улукбек Марипов. 

Ошондой эле ал Өкмөт авиабилеттерге бааны төмөндөтүү, ошондой эле үзгүлтүксүз авиакаттамдардын санын жогорулатуу үчүн бардык күч-аракетин жумшап жаткандыгын кошумчалады. 

«Азырынча бул маселелер толук кандуу чечиле элек болгондуктан, катардагы жарандардын жашоосун жеңилдетүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу керек. «COVIDсиз саякатта» долбоору ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тургундарынын жүрүү кыймылын жеңилдетүүгө багытталган, мында учурдагы талаптардын сакталышы камсыздалат», - деп белгиледи Өкмөт башчы жана тийиштүү анализдерди тапшырууга мүмкүн болгон лабораториялардын жана үзгүлтүксүз авиакаттамдардын санын жогорулатуу боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды, ошол эле учурда ал аталган маселе Өлкө башчынын жеке көзөмөлүндө тургандыгын белгиледи.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021