28 апреля 2021, 10:52

ИИМдин Ардагерлер кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

2021-жылдын 26-апрель күнү ИИМдин Ардагерлер кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү, деп ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.



Маалыматка караганда, жыйында ИИМдин Ардагерлер кеңеши катар маселелерди талкуулашты:
  • милициянын ишин жакшыртуу, андан сырткары 2017-жылы кабыл алынган Кодекстерге өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү боюнча өздөрүнүн сушуштарын берүү менен аны иштеп чыгуу демигеленгенин айтып берди. 
  • Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин  76 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү  маселелери талкууланды.
  • жыйындын катышуучулары 15-май күнү белгилене турган кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болгон милиция кызматкерлеринин жаркын элестерин эскерүү күнү жөнүндө маселе каралды.  Бул күнү ИИМдин аймагындагы курман болгон кызматкерлердин мемориалына гүл чамбарлар коюлат. Бул датага карата ардагерлер уюмдарынын арасында спорттук иш-чара өткөрүүнү дагы пландашууда. Бишкекте ардагерлер бильярд, стол тенниси, ал эми Чүй облусунун ардагерлери арасында волейбол боюнча мелдеш өтмөкчү.
  • Султанбек Жоошбаев түзүлгөндүгүнүн 61 жылдыгына карата ИИМдин ардагерлер уюму жөнүндө китеп чыгарылганы жатканын маалымдады.  
  • ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын алдында түзүлгөн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча комиссияга өз сунуштарын берүүнү тезинен колго алуу керектигин белгилешти.
 ИИМдин Ардагерлер кеңеши милициянын ишин жакшыртууга, өлкөнүн жарандарынын бейпилдигине багытталган реформаны ишке ашырууга ички иштер министрлигине жардам берүүгө ар дайым даяр экендигин билдиришти.
 
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021