30 апреля 2021, 09:57

Мелис Турганбаев өзү менен кошо бардык запастагы офицерлерди катарга турууга чакырды

ИИМдин мурдагы башчысы Мелис Турганбаев кыргыз элин сабырдуулка чакырып, күч түзүмдөрүн жетектеген офицер катары тажрыйбасын Мекен үчүн жумшаганга даяр экинин билдирди жана ошондой эле ал запастагы офицерлерди дагы катарга чакырды.

“Урматтуу элим!!!
Эки күндөн бери өлкөбүз өтө оор кырдаалды баштан кечирүүдө. Мамлекеттин бүтүндүгү коркунучка кептелип, Баткен облусунун аймагында жашаган мекендештер жана аскер күчтөрү оор ахвалда калды. Мындай учурда саясатчы, жөнөкөй жаран, аскер адамдары, бардыгы биримдикке келип, бир муштумдай түйүлүүгө тийиш. Ошондой эле акылман элибиз айрым сырткы күчтөрдүн, Мекендин тынчтыгын бузууга аракет кылган тараптардын жетегине түшпөй, ынтымак жана сабырдуулукту карманышы зарыл. Мамлекетибизге   өз колдообузду  көрсөтөлү деп чакыргым келет. Өлкө  башчы  да болгон   аракеттерин   кылып ,тийиштүү кадамдарын  жасап  жатат.   Эки элдин  ортосундагы     алаканын   алкагында  сүйлөшүүлөрдү  жургүзүп   жаткан учурда   баардыгыбыз  өлкө башчыга   жардам беришибиз  керек.  Мына   Коопсуздук  кеңешинин ыкчам  жыйыны   өттү. Учурдагы  кырдаалды жөнгө  салуу  үчүн   Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков башында турган  жумушчу топко тапшырылды. Кырдаалды тынчтык жолу  менен жөнгө салып  алалы.    Улуу Орозо айында башыбызга келген мындай оор кырдаал да коңшу мамлекеттин жетекчилиги жана күч түзүмдөрү акыл калчап, дипломатиянын чегинде иш алып барат деген ишенимдемин. Биз тараптан дагы сабырдуулук менен маселени терең талдап билүү зарыл. Ар бир адамдын өмүрү жана Мекендин ар бир карыш жери биз үчүн аманат.
Мекен баарыбыз үчүн кымбат. Ал эми генерал үчүн эки эсе болууга тийиш. Күч түзүмдөрүн жетектеген офицер катары тажрыйбамды, күчүмдү Мекен үчүн даярмын жана бардык запастагы офицерлерди катарга турууга чакырам. Мекен бирөө. Ал-Кыргызстан...
Генерал    Мелис Турганбаев”,- деп жазды генерал-майор.

2 комментария
  1. Аноним#513
    Кудайым колдоп эл жерди коргоп кылалы.
  2. Аноним#2385
    Бир айдан кийин айтпаптыр
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021