Тажикстанда Эмомали Рахмондун отставкасын талап кылышууда(Видео)

30 апреля 2021, 15:12

Тажикстанда президент Эмомали Рахмондун отставкасын талап кылган эстафета башталды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
 
«Ислох» сайтынын редактору, опозиционер журналист Мухаммадикболи Садриддин баштап берген бул эстафетаны ондогон жөнөкөй тажикстандыктар колдоого алып, бийликке карата өздөрүнүн ачык кебин, позициясын айта баштады.
 
Тажикстандын баардык облус, шаарларынан активисттер чыгып, «Эмомали Рахмонго импичмент жарыялайбыз» деген видео тартып, бири – бирине эстафета таратышууда. Эстафеталык видео кайрылууларды «Ислох.нет» сайты жалпыга жайылтууда.
 
Видео кайрылууларда «Эмомали Рахмон 28 жылдан бери кландык башкаруусун күчөтүп, тууган – уругу, бала – чакасы менен тажик улутун, Тажик мамлекетин жок кыла турган болду. Мамлекетти карызга батырды. Коншуларыбыз менен достугубузду жок кылды. Буларга импичмент жарыялансын» – деген чакырыктар айтылган.
 
Буга чейин аталган журналист бийлик тарабынан куугунттукталып, бир нече кылмыш иши козголгон. Ал Тажикстандын президентин үй-бүлөлүк баңги соодасын жүргүзгөндүктө айыптап, аны байма-бай сындап келет.


Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021