30 апреля 2021, 17:03

FB: “Чек ара кагылышуусу – бул Тажик президентинин кулап бараткан саясаты”

Эки өлкөнүн чек арадагы куралдуу кагылышуусу, Тажик президентинин кулап бараткан саясаты катары карасак да болот. Деп билдирет Facebook баракчасынын колдонуучусу Эрнис Нурдинов. 

Анын айтымында, Тажик президенти өз бийлигин бышыкташ үчүн, элдерин алаксытуу максатында чек ара чырын чыгарды.

“Эки өлкөнүн чек арадагы куралдуу кагылышуусу, Тажик президентинин кулап бараткан саясаты катары карасак да болот.
Рахмонов үй бүлөлүк бийликти орнотуп, Кытай тарапка жүздөгөн гектар жерлерин кредитине тартырып жиберген.
Бир "Рогун" ГЭСти куруп жатканы болбосо, карапайым элинин жашоосу итке минип калган.
Өлкөсүнүн абалы биздикинен он эсе төмөн.
Биз тарапка жакын жайгашкан тажик туугандар, сабатсыздыктын сазына батып, түркөй калкка айланган.
Рахмоновдун  бийлиги буларга болгон мамилеси кайдыгер.
Тажик президенти өз бийлигин бышыкташ үчүн, элдерин алаксытуу максатында чек ара чырын чыгарып, сабатсыз элин садага чапты десек болот...”


Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021