1 мая 2021, 10:05

ИИМ: 1-майга карата Баткен облусунда кырдаал туруктуу

1-майга карата Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу. Азыркы учурда чек арага чектеш аймактар толук көзөмөлдө. Түнкүсүн  ок атышуулар катталган жок. Милиция кызматкерлери тарабынан блокпосттор коюлуп, чек арага чектеш аймактардагы жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. 

Көк-Таш, Самаркандек, Арка-1, Арка-2 жана Борбордук айылдарында кырдаал турукташты. Жергиликтүү элдик коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлери ички аскерлер жана башка күч түзүмдөр менен биргеликте коомдук коопсуздукту көзөмөлдөшүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021