4 мая 2021, 09:47

Нургуль Бакирова ооруканада жаткандардын абалы менен таанышып, сот тутумунун атынан материалдык жардам көрсөттү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакирова Бишкек травматология жана ортопедия илимий борборунда дарыланып жаткан Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяларда жаракат алгандардан кабар алды.

Жогорку соттун төрайымы каргашалуу окуяда жаракат алган мекендештердин жана күч структураларынын бөлүмдөрүнүн  аскер кызматкерлеринин ал-акыбалдары менен таанышып, саламаттыгын сурады.

Нургуль Бакирова   Мекенди коргоодо тайманбас эрдик көрсөтүшкөн  чек арачылардын каармандыгын, баатырдыгын баса белгиледи.

 
 
 
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021