6 мая 2021, 08:57

Жогорку сотунун төрайымы Нургул Бакирова кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургул Бакирова кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады.



Урматтуу кыргызстандыктар!

1993-жылдын 5-майында мамлекетибиздин Баш мыйзамы – эгемендүү Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынган.
Бул алгачкы Конституция, кѳз карандысыз мамлекеттин курулушуна, мамлекет менен жарандардын, коомдук бирикмелердин ортосунда жаңыча мамиле түзүүгө укуктук негиз берген.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  бүгүн, 2021-жылдын  5-майында, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына кол койду.

Конституцияга   ылайык,  Кыргыз  Республикасынын  Жогорку соту   мыйзам чыгаруу демилгесине ээ болуп, көз карандысыз сот тутумун өркүндөтүүгө шарттар түзүлдү.

Баш мыйзам биздин күнүмдүк жашообуздун ажырагыс бѳлүгү болуп эсептелет. Ал элибиздин, чыныгы эркиндиктин жана демократиянын шарттарында, адилеттүү жана укуктук коомдо жашоого умтулуусун далилдейт.

Конституцияда камтылган баалуулуктарды, анын нормаларын бекем сактап, өлкөбүздү мындан ары өнүктүрүү — биздин негизги милдетибиз.

Бул майрам күнү ар бир үй-бүлөгө чың ден-соолук, асыл үмүттөрдүн аткарылышын, тынчтык менен бакубаттуулукту каалаймын!
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021