Депутат Бишкек жана Оштогу шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну сунуштады

6 мая 2021, 16:56

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине 11-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну демилге кылды.
 
Депутат бул сунушун жыйынга катышып отурган Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын орунбасары Абдыжапар Бекматовго жолдоп, аталган калааларда шайлоо таза өтпөгөнүн, ат салышкан партиялар добуш сатып алган фактылар көп болгонун айтты.
 
"Алдыда келаткан парламенттик шайлоо мурдагыдан да ыплас болот. Аны болтурбоонун жолу - Бишкек жана Ош шаарындагы шайлоолордун жыйынтыгын жокко чыгаруу. Ошондо гана адилеттүүлүк болуп, олигархтар ойлонот, ошондо гана акчасына эмес, элине ишенет", - деди Осмонов.
 
Анын алдында дагы бир депутат Аккулу Бердиев да добуш сатып алган фактылар болгонун белгилеп, Оштогу шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну айтты.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021