8 мая 2021, 12:46

Талас ОИИБнин начальниги Марлис Асанов ИИОнун ардагери Чороев Кудайбергенди Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиш күнү менен куттуктады

Талас ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Марлис Асанов ИИОнун ардагери милициянын отставкадагы капитаны Чороев Кудайберген атабызды Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиш күнү  менен куттуктады.

Чороев Кудайберген өмүр бою милицияда кызмат  кылып ак эмгегин өтөп келген. Чороев Кудайберген  Улуу Ата Мекендик согуштун оруктагы катышуучусу, учурда 95 жашта.

Талас ОИИБнин ардагерлер кеңешинин төрагасы Кулчоро Жамангараев, Талас РИИБнин начальниги Марат Шайбеков болуп ардактуу карыяны куттуктап, ал акыбалын сурашып, атайын дайындалган белектерди тапшырышты.

Өз сөзүндө Марлис Асанов: “Бүткүл  дүйнө кыйрап  турган мезгилде согушуп,  мээнетиңер жанып, эрдик менен бизге жеңиш алып келдиңер. Бүгүнкү ачык асманыбыз үчүн сиздерге таазим, дагы көп өмүр сүрүп, милицияга жана азыркы  коомго акылман насаатчы болуп жүрүүңүзгө тилектешмин ”-деп айтты. 

Кудайберген атабыздын  кубанычында чек жок. “Формачандарды көрсөм жүрөгүм жылыйт, жаштыгымды эстеп толкунданам”-деп бир далай башынан өткөн окуяларын, ар кандай кылмыштарды ачканын жана ошол мезгилдеги СССРдин абалын айтып, абдан кызыктуу маек куруп берди.

Сөзүнүн аягында бардык жалпы момун мусулмандардын  кармаган орозосу кабыл болуп, өлкөбүздө  тынчтык өкүм сүрүп,  анын арасында милициянын кадыр-баркы жогорулап, элдин алкышын алуусун тилек кылып, барган жетекчилерге ак батасын берип жакшы маанайда узатты.


 
 

Талас ОИИБнин Басма сөз кызматы
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021