Ысык-Көл облусунун милициясы Жеӊиш күнүнө карата чыгармачыл флешмобду уюштурушту

8 мая 2021, 15:16

Каракол шаарында, Улуу Ата Мекендик согушунун Жеӊишинин 76-жылдыгына карата Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жана наристелер чыгармачыл флешмобду уюштурушту.

Флешмобдун катышуучулары согуш жылдарына арналган ырларды көркөм окуу менен, кандуу жылдары жер жүзүндө тынчтыкты орнотуу үчүн өз өмүрлөрүн аябай курман болгондордун жана апаат мезгилдин кыйынчылыктарына чыдаган адамдардын элесине таазим этишти. Милиция кызматкерлеринин жаш муундары өзүлөрүнүн кичинекей чыгармалары менен замандаштарына, Ата Мекенин коргоп, анын эркиндигин жана көзкарандысыздыгын сактаган эр жүрөк уул-кыздарынын согуш мезгилиндеги аскердик жана эмгектеги эрдиктери жөнүндө сезимдерин жеткирүүгө аракет кылышты.

«Эпидемиологиялык учурда массалык иш-чараларга чектөөлөр киргизгендиктен, мындай поэзиялык калейдоскоп чоң символикалык мааниге ээ болот. Анткени, кандай кырдаал болбосун, элдин эсинде согуш жылдары курман болгон баатырлардын элеси жана биздин арабызда бүгүнкү күндө жашап келе жаткан ардагерлерлерибиздин  даӊкы унутта калбай, муундан муунга өтүп, түбөлүк жашашы керек», - деп айтылат билдирүүдө.

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021