Бишкекте "Исмаил Матраимов" кайрымдуулук фонду дарыгерлерди бекер ташуучу автобус уюштурду. (Видео)

4 июня 2021, 19:55

Бишкекте "Исмаил Матраимов" кайрымдуулук фонду дарыгерлерди бекер ташуучу автобус уюштурду.

Аталган фонд тарабынан уюштурулган автобус Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун кызматкерлерин үйлөрүнө жеткирүүдө.

Уюштуруучулардын айтымында, бекер транспорт шаардын сырт жагында жашаган дарыгерлерди ташууда.

Оорукананын кызматкерлеринин бири маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштагандыктан, жумушка келип-кетүү түйшүк жаратып жатканын айтып өттү.

"Жумушка келип-кетүү абдан чоң түйшүктү жаратууда. Жеке унаабыз жок, таксилердин баасы асман чапчыйт. Биздин ооруканада 400дөй медицина кызматкери иштейт. Шаар ичинде жашагандар өткөн-кеткен унаалар менен эптеп кетип калып жатышат. А биз, шаардын сыртында жашаган дарыгерлер кыйналдык. Биз тарапка кеткен унаалар аз болуп 2-3 саат жолдо туруп калып жаттык. Ошондуктан биз үчүн атайын транспорт уюштурулганы абдан кубантты. "Исмаил Матраимов" фондуна ыраазычылык билдиребиз. Түйшүгүбүз бир топ жеңилдеп турат", - деди оорукананын кызматкери.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021