5 күн болду. "Орхан Инанды табылсын!" аталышындагы митинг бүгүн да уланды (Видео)

7 июня 2021, 09:56

Өкмөт үйүнүн алдында "Орхан Инанды табылсын!" деген талап менен шаар тургундары митингге чыгышты. Митинг ушуну менен 5 күн бою уланып жатат.
"Митингге 500дөй киши катышууда. Алардын арасында коомдук ишмерлер, илимпоздор бар", - деп билдиришти митингдин катышуучулары.
"Сапат" билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инандынын дайынсыз болуп жатканына 5 күн болду.

Окуянын чоо-жайы:
1-июнь күнү болжол менен саат 4:20да 102 кызматына 12-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде Lexus 470 үлгүсүндөгү унаасынын эшиги ачылып, ичинде ээси жок бош турганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барганда Орхан Инандынын баласы арыз менен кайрылган. Анда атасы 31-майда кечки саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз экенин жазган.

Бул маселеге байланыштуу 1-июнда "Сапат" лицейинин өкүлдөрү маалымат жыйын өткөрүштү. Жыйында жактоочу Зоотбек Кудайбергенов унаа табылганда, ичинде Орхан Инандынын баалуу буюмдары (акча, эки уюлдук телефону, документ жана башка) калганын айтып, алардын башка кызыкчылыгы болушу мүмкүн деген божомолун билдирген.
Анын айтымында, Орхан Инандыны Бишкекте кармап турушат деген дагы версия бар, бирок бул маалымат тактала элек.
Ал эми Октябрь райондук милициясынан бул окуя боюнча атайын тергөө тобу түзүлгөнүн, издөө жана иликтөө иш-чаралары тынымсыз жүргүзүлүп жатканын билдиришти.

Көп өтпөй дайынсыз болуп жаткан Инандыны табууга президент Садыр Жапаров кошумча күч тартууну тапшырган.
2-июнда ИИМ бул факты боюнча "адам уурдоо" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021