8 июня 2021, 15:13

Орхан Инандынын жоголушу боюнча маселе ЖКнын 9-июндагы жалпы жыйынында каралат



Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети «Сапат» билим
берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын дайынсыз жолугушуна байланыштуу күч түзүмдөрүнүн ишин
жетишсиз деп тапты. Министрлер кабинетине алардын жоопкерчилигин кароо тууралуу кат жолдоду.

Комитеттин чечими менен Орхан Инандынын жоголушу боюнча маселе Жогорку Кеңештин 9-июндагы жалпы жыйынында каралат.

Эл аралык комитет Тышкы иштер министрлигине Туркиянын басма сөзүнө чыгып жаткан маалыматтарга жооп берүүнү, Улуттук 
коопсуздук комитетинин (УКМК) Чек ара кызматына Орхан Инандыны издөөгө күчөтүлгөн режимде көмөктөшүүнү тапшырды.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021