15 июля 2021, 10:04

Байэл Эркинбеков: Камчыбек Жолдошбаевдин видеодо айтылган жерге тиешеси жок жана эч кимде факты жок

Интернет тармагындагы Камчыбек Жолдошбаевге таандык делеген контейнер чыры тууралуу чуулгандуу видео боюнча анын ишенимдүү өкүлдөрү «АКИ пресс» маалыматтык агентигине атайын түшүндүрмө берди.

Эркинбеков Байэл Камчыбек Жолдошбаевдин атайын өкүлү:

«Мага ишенип көрсөтүп жаткам адам видео боюнча ММкларга атайын төгүндөө жарыялаганына карабастан ага жаана анын үй-бүлөсүнө түздөн түз чабуулдар башталды. Видео таркатып жаткан адамдар унчукпай койсок тоготпой жатат деп, ал эми мынтип төгүндөө маалыматын берип жатканыбызда, биз менен тирешип атат дешүүдө. Камчыбек Жолдошбаевдин чындап эле ал жер тилкесине же контейнерге тиешеси жок болгондуктан ушундай маалымат жарыялоону туур деп эсептейбиз»

Алардын айтымында бул жер тилкесине ЖКнын депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин эч кандай түздөн түз тиешеси жок жана видео тартып таркатып жаткан адамдар эч кандай фактыларга таянбастан эле каралап жатканын баса белгилеп кетишти. Ошондой эле бул окуяга жер тилкесинин ээсинин өкүлү Жунусов Сыймыкбек дагы кошумча маалымат берип кетти.

«Бул жер тилкесин 2021- жылы мага ишеним көрсөткөн адам мыйзамлдуу түрдө сатып алаган. Колумдагы документтер аны тастыктап турат. Видео жөнүнүндө айта кетете турган болсок, видеону тарктып жаткан адам бул жер тилкесинин ал адамдарга тиешелүү экендигин далилдөөчү эч кандай документтерди же фактыларды көрсөтпөстөн эле каралап жатат. Бул бир гана ЖКнын депутатын эмес жер тилкесинин дагы ээсин каралоого жатат. Ал эми жашап жаткан адамдардын колунда жердин аларга тиешелүү экенидигин далилдеген бир дагы документ жок, алар буга чейин квартирант сыяктуу гана жашап келишкен жана убактылуу жашап турууну өтүнүшкөн. Жакын арада бул жер тилкени толук колдонууга мыйзам чегинде талап коебуз.» -деди Жунусов Сыймыкбек. 

1 комментарий
  1. Аноним#91
    Жанынарды жебегиле уч шакал акча учун любой нерсе кылат экенсинер э
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021