28 июля 2021, 13:38

Майнинг-фермаларга байланыштуу маалыматтык түшүндүрмө

КР УКМК энергетика тармагынын ишмердүүлүгүндөгү мүмкүн болгон тобокелдиктерге ар дайым байкоо жүргүзүп, талдап турат, Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик энергетикалык компаниялардын электр тармактарына майнинг-фермалардын (криптовалюта алуу боюнча өндүрүштүн) системалуу түрдө мыйзамсыз кошулгандарынан пайда болгонун күбөлөндүрөт.
2017-жылдан бери АКШ долларына карата криптовалютанын курсунун кескин өсүшү Кыргызстанда салыштырмалуу арзан электр энергиясын колдонгон "майнерлердин" толкунун пайда кылды. Белгилей кетүүчү нерсе, майнинг-фермалар электр энергиясын көп сарптайт. Тиешелүү түрдө, майнинг-фермалардын өсүшү менен электр энергиясын керектөө жогорулады, бул өлкөдөгү энергетикалык кризиске алып келген себептердин бири болуп саналат
Салыштыруу үчүн: 10000 даана майнинг-ферма күнүнө орто эсеп менен 408000 кВт электр энергиясын сарптайт, бул 40 миң калкы бар бир райондун электр энергиясын керектөөсүнө барабар.
Республикада электр энергиясынын тартыштыгы пайда болуп жатканын эске алуу менен, “Улуттук Энергохолдинг компаниясы” ААКнын 2019-жылдын 4-апрелиндеги №56-п буйругу менен, майнинг иштерин жүргүзүү максатында техникалык шарттарды берүүгө убактылуу тыюу салынган.
Учурда өлкө калкы үчүн электр энергиясы жетишсиз болуп жатканына  карабастан,  майнинг-фермалар бүгүнкү күнгө чейин жашыруун түрдө өз ишин жүргүзүп келе жатат.
Өзгөчө белгилей турган нерсе, альтернативдүү энергия булактарынын (жеке чакан ГЭСтер) эсебинен иштеген майнинг-фермалардын иши мыйзамсыз деп эсептелбейт, убактылуу тыюу салуу аларга жайылтылган эмес.
2020-жылы Кыргыз Республикасында биринчи жолу 224,0 тый / кВт көлөмүндө майнинг ишканалары үчүн тариф белгиленип, криптовалютаны өндүрүүгө керектелген электр энергиясына Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде 15% өлчөмүндө салык киргизилген.
Азыркы учурда КР УКМК тарабынан мыйзамсыз иштеп жаткан майнинг-фермаларын аныктоого, алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Разъяснительная информация относительно майнинг-ферм
ГКНБ Кыргызской Республики проводится постоянный мониторинг и анализ возможных рисков в деятельности энергетического сектора, что свидетельствует о возникновении на территории Кыргызской Республики систематических незаконных подключений майнинг-ферм (производство для добывания криптовалюты) к электрическим сетям государственных энергетических компаний.
Так, с 2017 года резкое повышение роста курса криптовалюты по отношению к доллару США породило целую волну «майнеров», которые используют относительно дешевую электроэнергию и в Кыргызстане. Следует отметить, что майнинг-фермы потребляют большой объем электроэнергии. С увеличением майнинг-ферм, соответственно, потребление электроэнергии за счет майнинга возросло, что стало одной из причин, которая привела к энергетическому кризису в стране.
Для сравнения: майнинг-ферма с устройством в количестве 10 000 шт. потребляет в среднем 408 000 кВт электроэнергии в сутки, что равняется к потреблению электроэнергии одного района с населением 40 тыс. человек.
Учитывая возникающий дефицит электроэнергии в республике, приказом ОАО "Национальная энергетическая холдинговая компания" от 4 апреля 2019 года № 56-п был введен временный запрет на выдачу технических условий на цели майнинга.
Несмотря на это, майнинг-фермы по сегодняшний день продолжают подпольно осуществлять свою деятельность, когда как идет нехватка электроэнергии целому населению страны.
Особо отмечается, что деятельность майнинг-ферм за счет альтернативных источников энергии (частные малые ГЭСы), не является нарушением Закона и временный запрет по отношению последних не распространяется.
В 2020 году в Кыргызской Республике впервые был установлен тариф для субъектов майнинга в размере 224,0 тый/кВтч, также в Налоговый кодекс КР введен налог в размере 15% от потребленной электроэнергии с добычи криптовалюты.
В настоящее время ГКНБ КР ведутся оперативно-розыскные мероприятия, направленные на выявление, предупреждение и пресечение незаконно действующих майнинг-ферм.
КР УКМК Басма-сөз борбору, тел. 661455
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021