28 июля 2021, 14:09

Сиздердин ар бир добушуңуздарды эске алуу менен акыйкаттыктын шамы үлбүрөп өчпөй жарыгын чачты

Урматтуу мекендештер! Сиздердин ар бир добушуңуздарды эске алуу менен акыйкаттыктын шамы үлбүрөп өчпөй жарыгын чачты десем дагы болот. Бүгүн, Соттун чечими адилеттүү болду.  Ош шаарындагы болуп өткөн шайлоодогу жыйынтыгыбызды Бишкек шаардык Соту тааныды!!!    Бул деген Кыргызстанда демократиянын эпкини бар экендигин түшүндүрөт.  Эмне дейм, ушул адилеттүүлүктүн өмүрү узун болсун…! Учурдагы чечим “Биздин Кыргызстан” партиябыздын жеке тарыхында жоон сыялуу тамга менен жазылып калат десем болот. Бизге ишеним көрсөтүп, чыныгы жүрөгү менен тынсызданып, биз менен аягына чейин турабыз, биргебиз деген шайлоочуларыбызга терең ыраазычылык билдиребиз!  Көбүрөөк жашасын АДИЛЕТТҮҮЛҮК! ☝️Урматым менен Осмонов Айбек Жапарович.




Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2021