20 декабря 2021, 09:53

Канат Джумагазиев Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.




Урматтуу улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери жана ардагерлери!?‍♂️

?️Сиздерди, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлеринин күнү менен Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамынын жана жеке өзүмдүн атыман чын жүрөктөн куттуктаймын!?

?️Бүгүнкү күндө, улуттук коопсуздук кызматынын алдында өтө жоопту, ошол эле учурда өтө татаал милдеттер турат. Бул – коррупция, эл аралык терроризм, диний экстремизм, баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү жана мамлекетибиздин бекем коопсуздугун сактоо болуп эсептелинет.

?️Коомубуздун бейпил жана коопсуз турмуш өткөрүшү, элибиздин жүрөктөрүндө эртеңки келечеке ишенимдүү ишениминин орун алышы – сиздердин аткарган кызматыңыздарга байланыштуу экендигин, бардыгыбыз жакшы билебиз. 

?️Мындай милдеттерди аткаруу мекенчил, өз ишине дасыккан ак ниет адамдардын гана колунан келээрин бардыгыбыз түшүнөбүз. Сиздер өзүңөрдү асыл ишке – кыргыз мамлекеттүүлүгүн, биздин эгемендикти коргоого жана чыңдоого арноодон улам, мамлекетибизде коомдук бирикмелердин жана мамлекеттик институттарынын стабилдүү иштешине бардык шарттар түзүлүүдө.  
 
?️Сиздерге, кесиптик майрамыңыздар күнү ийгиликтүү кызмат өтөөнү, бекем ден соолук жана бакубатчылык каалаймын. Эл кызматындагы жооптуу ишиңиздерде ар дайым ийгилик коштоп жүрсүн!
Урматтоо менен, 

Ысык-Көл ОИИБдин начальниги
милициянын полковниги                                                        К. Джумагазиев
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

Материалы за неделю

Новостей нет

KABARLAR.ORG 2021