22 декабря 2021, 09:43

Фейсбукта тажиктер сабады деген апаны өзүнүн кызы сабаган - Баткен ОИИБ

Фейсбук тармагында "Айдаркен шаарчасында таджиктер сүрөттөгү энени сабап салышкан" деген маалыматты таркатышууда.

Бул боюнча Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы төмөнкүдөй маалымат берет.

2021-жылдын 18-декабрь күнү болжол менен саат 14:20 чамасына Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Сур айылынын 7-көчөсүнүн тургуну 30 жаштагы А.Ү. (улуту кыргыз) өзүнүн чон-энеси (жеңеси) Бирлик айыл аймагынын Сур айылынын тургуну 61жаштагы М. Зны Айдаркен шаарындагы соода базарынан үйүңүзгө жеткирип койомун деп алдап, өзү башкарып жүргөн “Деу-Матиз” маркасындагы автоунаасына салып, Айдаркен-Сох автоунаа жолу аркылуу кетип жатып “менин апамды бакшы, көзү ачык, молдого ысытма-суутма кылып сен майып кылып койгонсун”- деп, автоунаасын токтотуп унаанын арткы эшигин ачып уруп денесине жараат келтирүүнү көздөп уруп- сабап, адамдын эркине каршы аракеттерди атайлап жасаган.

Бул факты Кадамжай РИИБнин КБРне Кыргыз Республикасынын КЖКнин 280-берене (Бейбаштык) менен сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, Сур айылынын 30жаштагы А.Ү. кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы



Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

Материалы за неделю

Новостей нет

KABARLAR.ORG 2021