7 января 2022, 11:20

Жоомарт Аматов: “Матраимов тууралуу митингдерге "антимитинг" катары жооп болот!”



Райымбек Матраимовду колдогондордун көбү фейк деген маалыматтар тынымсыз жарыяланып турат. Акыркы учурда социалдык тармакта Матаримовду тынымсыз колдоп келе жаткан Жоомарт Аматовду кепке тарттык.

Саламатсызбы, Жоомарт мырза. Акыркы учурда соцтармактан Райымбек Матраимовду колдоп жатасыз, сизди көпчүлүк фейк деп айтышууда.

Мен эч кандай фейк эмесмин. Кадимки кыргыз жигитимин. Ооба, Матраимовдун тарапташымын. Ал, мен сыймыктанган инсан.

Сиз сыймыктанган инсанды “ууру” деген макамды таккандарга кандай карайсыз?

Бул жерде бир беткей каралоо болуп калды. Эмне үчүн Атамбаев менен Кулматовдун аты айтылбай орун басар Матраимовду күнөөлөп жатышат. Мындан ары биз Матараимовду жөн гана мурдагыдай талатып койбойбуз.
Кандайча “талатып” койбойсуздар?

Буга чейин, Батыштын кызыкчылыгын көздөгөн, элге аты-жыты жок кызыл-көк чачтар чыгып алып митинг кылган. Убакыттан пайдаланып айткым келет, эми Матраимов тууралуу митиндерге "антимитинг" катары жооп болот!

Бишкекте болсо түз маекке макулсузбу?

Оштомун, барганда сөзсүз маек берем.

Булак: NazarNews.kg
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

Материалы за неделю

Новостей нет

KABARLAR.ORG 2021