12 января 2022, 18:16

Жогорку соттун төрайымы Нургуль Бакирова сот тутумунун басма сөз катчыларына керектүү болгон жабдыктарды тапшырды.

Бүгүн, 2022-жылдын 12-январында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда сот тутумунун басма сөз катчыларына жабдыктарды тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш чарага төрайымдын орун басарлары: Жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча орун басардын милдетин аткаруучу Кеңешбек Токтомамбетов, Административдик иштер боюнча орун басары Айнаш Токбаева, ошондой эле жарандык жана экономикалык иштер боюнча орун басардын милдетин аткаруучу Турсунгүл Чаргынова, Жогорку соттун судьясы Болотбек Акматов, Жогорку соттун Аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров,  Жогорку соттун Аппаратынын бөлүм башчылары жана сот тутумунун басма сөз катчылар катышышты.

Нургуль Бакирова басма сөз катчылардын ишинин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча   аракеттер  көрүлүп жаткандыгын, калктын сот тутумуна болгон ишенимин арттырууда алардын аткара турган ролу чоң экендигин айтты. Анткени, басма сөз катчылар сот тутуму менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосундагы  көпүрө экендиги  талашсыз.

“Сот органдары менен  сот корпусунун позитивдүү имиджин калыптандырууда  ийгиликке жетишүүнүн эң маанилүү шарты –сот бийлигинин ишмердүүлүгү жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу. Ошол эле учурда силерден  жалпыга маалымдоо каражаттары  жана блогерлер менен конструктивдүү жана эффективдүү өз ара аракеттенүүнү куруу талап кылынат. 

Мыйзам ар бир адамдын мамлекеттик органдардын карамагындагы маалыматка жетүү  укугун кепилдегенин эстен чыгарбоо керек. Берилген маалымат маалыматка жетүү эркиндигинин негизги принциптерине: коомчулукка жеткиликтүүлүгүнө, объективдүүлүгүнө, өз убагында берилишине, ачыктыгына жана маалыматтын ишенимдүүлүгүнө ылайык келүүгө тийиш”,-деп белгиледи төрайым. 

Жогорку соттун төрайымы Нургуль Бакирова аймактардагы соттордун жана Бишкек шаардык сотунун басма сөз катчыларына жаңы фотоаппараттарды жана ноутбуктарды тапшырды. Ушундай эле техникага Жогорку соттун басма сөз кызматы  ээ болушту.

Белгилей кетүүчү жагдай, аталган жабдыктар Кытай Эл Республикасынын элчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын сот тутумуна кайтарымсыз түрдө берилди.


 

 

 

 

 

 

 

 

 
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

Материалы за неделю

Новостей нет

KABARLAR.ORG 2021