18 марта 2013, 17:31

«Эл-Уну» саясий-коомдук кыймылынын кайрылуусу(текст).

КАЙРЫЛУУ

УРМАТТУУ МЕКЕНДЕШТЕР

 

Эгемендиктин 21 жыл ичинде Кыргызстан улуттук, экономикалык-социалдык, маданий, саясый онугуудон оз жолун таппай, аргасы кеткен эл эки жолу элдик которулушко чыгып, эки мамлекет башчысын олкодон кууп чыкты.

-2005-жылдын 24-мартында, 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстандын эли:

-Уй-булолук башкаруу системасынан арылабыз;

-Конституциялык реформалар жургузулот;

- Бийлик элге кызмат кылат;

-Коррупциялык схемалар ойрондолот;

-Саясий куугунтуктоолор токтотулат;

-Кен байлыктар жана башка мамлекеттик байлыктар элдин кызыкчылыгы учун пайдаланылат, жана башка карапайым элдин койгойлуу маселелери чечилет деген умутто элдик ынклапка которулгон. Тилекке каршы эки революциядан кийинки мамлекеттик бийлик элдин умутун актаган жок.

Мисалы:

-Ким бугун олкобуздо авторитаризм жок, саясий куугунтуктар токтоду, таза шайлоо отуп жатат, «Кумтор» жана башка кен-байлыктар элдин жыргалчылыгы учун иштоодо, олкобуздо жакырчылык, ишсиздик азайды, коррупциялык схемалар сындырылды, коррупционерлер жазасын алды, эки элдик ынклап оз максаттарына жетти деп айта алат?

Ушул жана башка жалпы элибиздин «айыкпас ооруудай болгон» койгойлуу маселелери боюнча ата-бабаларыбыздан келе жаткан «Элдик Курултайда» талкуулап, жооп табуу учун, уюштуруу тобу жалпы мекендештерди 2013-жылдын 24-мартында, саат 10.00 до Жалал-Абад шаарында «Эл-Уну» саясий-коомдук кыймылынын демилгеси менен откорулуучу «Элдик Курултайга» чакырат.

ОЗГОЧО:

-Олкобуздун,улутубуздун келечегине кайдыгер карабаган мекенчилдерди;

-Биринчи жана экинчи элдик ынклаптардын катышуучуларын (революциянын баатырларын);

-Саясий партиялардын, коомдук уюмдардын, массалык-маалымат каражаттарынын окулдорун, маданият жана илим кызматкерлерин, саясий жана коомдук ишмерлерди, 2010-жылдагы Убактылуу окмоттун баардык мучолорун, Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республкасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын, Кыргыз Республикасынын Окмот башчысын жана Окмоттун мучолорун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун торайымын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорун, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысын ЧАКЫРАБЫЗ.

Уюштуруу тобунун байланыш телефондору: Бишкек шаары-0312 939152, 0559 283029, 0777 606396, 0555 990503, 0557 890202. Жалал-Абад шаары-0773 735128, 0778 087229.

«Эл-Уну» саясий-коомдук кыймылынын кайрылуусу(текст).

 

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Айбек Медетов
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter