19 сентября 2016, 13:39

Дженнифер Лопес, Филипп Киркоров жана башка шоу бизнес жылдыздары Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердимухамедовдун туулган күнүдө ырдашты

Концерт Каспий деңизинин жээгинде болуп, Түркмөн президенти өзүнүн 56 – жашын Түркмөнбашы шаарындагы улуттук туристтик аймакта өткөрдү.
Атактуу ырчы Джей Ло өзүнүн бир нече хит ырларын ырдап жана президентттин урматына легендарлуу «Happy birthday, mister president» (Туулан күнүңүз менен президент мырза) ырын аткарып берди. Бул ырды убугында Мерилин Монро Джон Кеннеди 45-жашка толгондо аткарган, - деп билдирет РИА Новости.
Филип Киркоров түркмөн башын түркмөн тилинде куттуктады. Андан тышкары туулган күндө атактуу орусия ырчылары Сати Казанова, «Рефлекс» тобу, Ани Лорак жана башка шоу бизнес жылдыздары ырдашкан.
Мурда дүйнөлүк жана орусиялык шоу бизнес өкүлдөрү Түркмөнстанга келишчү эмес, бирок 2007-жылдан кийин өлкө башчылыгына Бермухамедов келгенден бери мурдакы президент Сапармурат Ниязов 15 жыл президент болуп турганда да мынча шоу бизнес өкүлдөрү келген эместиги айтылат.
Ошол эле учурда Түрмөнстандын жарандарынын жарымы тамакты бир күндө бир эле жолу сатып алууга мүмкүнчүлүгү бар. 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021