18 апреля 2013, 15:56

Коомдук ишмер, КТРКнын байкоочу кенешинин мучосу

Коомдук ишмер, КТРКнын байкоочу кенешинин мучосу Коомдук ишмер, КТРКнын байкоочу кенешинин мучосу:

2005-жылдын 24-мартынан бери 8 жыл, 2010-жылдын 7-апрелинен бери 3 жыл отту. Катары менен эки ирет жасаган элдик которулуштору майнапсыз болуп, кабыргасы кайышкан кыргыз эли бугун деле чекеси жылыбай, келечекке кабатырланып, олкобуздун онугуусуно, билгилердин кылык жоругуна конулу толбой, тунгуюктан чыга албай кыйналып, "кайра бир серпилип, кумалактардан арылсамбы (?)” дегенсип, умтулуп, нааразычылыктары куч алып турган кез.
Ушинтип, баш учубузду жыя албай, "март накта революциябы(?), апрель даана элдикпи(?), октябрдагы Ташиевдин "секириги” менен салыштырганга болобу?” деген кур соз менен алектенип, "эмне кылабыз(?), кайда барабыз?” деген суроолорго кезек жетпей, учунчу революцияга ундогондордун катары арбып турган чак.
Ушундай эки анжы кырдаалда, эки тонкорушто тен алдынкы катарда болуп, бийликтен жалтанбай, элинин эркиндиги учун тошун окко тоскон, белгилуу саясый баяндамачы, серепчи Карышкыр деген каймана ат менен таанылган коомдук-саясый ишмер Сабыр МУКАНБЕТОВду созго тарттык. 
Сабыр агай ХХ-кылымдын 90-жылдарынын башында кыргыз жаштарынын "Ашар” кыймылын негиздегендердин катарында, Кыргызстан Демократиялык Кыймылында (КДК) жооптуу катчы болуп, СССРдин коммунистик режими кулашына, эгемендуу кыргыз мамлекетинин туптолушуно зор салымын кошкону белгилуу.    

-Сабыр агай, 2005, 2010-жылдардагы бийлик алмашуусун бироолор элдик революция десе, башкасы мамлекеттик тонкоруш деген талаш-тартыштар тыйылбай келет. Кыргызстандагы коммпартияны кулатууга катышып Акаевди президенттикке алып келгенинерди кошкондо уч жолку бийлик оодарууга катышкан адам катары сиз кандай дейсиз? Биздеги уч жолку бийлик алмашууну сиз эмне деп эсептейсиз? Революциябы же тонкорушпу?
- Бизде ушундай тушунук бар. Революция деп койсок, мыйзамдуу, маданиятуу, туура жолдогу окуя болот. Тонкоруш десек, -мыйзамсыз, путч, дворцовый переворот, мамлекеттик тонкоруш болот да, элдик болбой, тар чойронун кызыкчылыгы учун болгон бийлик учун курош маанисине отуп, иш-чаранын кадыр-баркы томондоп кетет деген ой. Революция деген тупку маанисинде кескин бурулуш дегенди билдирет экен. Тонкоруш деле ошондой астын –устун болуп, айырмасы жок болуп жатпайбы. Мен учун революция десенер да, тонкоруш десенер да баары бир. Кайсынысы болсо да элдик деген соз коштоп айтылса болгону. Анткени бийликтин булагы болгон эл тажаган бийлигин кууп салды деген маани сакталат. Чынымды айтсам, мага революция дегенге караганда "элдик тонкоруш” деген термин ынайт. Элдин да кыбаасын кандыра турган соз.
- 2012-жылдын 3-октябрында "Кумтор” маселеси боюнча уюшулган оппозициянын митингинин арты дубалдан секируу, ”атажуртчулардын” лидерлерин камоо менен аяктап, соту бугунку кунго чейин уланып келет. ЖМКларда бул окуяларды мурунку элдик которулуштор менен салыштырууга болот,  болбойт деген пикирлер айтылды. Сиздин оюнуз? 
- Бийликтин кенкелес спичрайтерлери маселени ушундай кырдаалда коюп, "биздин бийликке келишибиз мыйзамдуу, булардыкы "бейбаштык менен келесоолуктун кошулмасы, салыштырганга да болбойт” деп, оппонентердин аброюн тушуруп, озулоруно рейтинг жасоону максат кылышканы корунуп турат. Бирок алардын мындай арамза пландары алар ойлогондой жемиш алып келген жок. Тетирисинче, октябрь чатагы бийликтин аброюнун кескин томондошуно алып келди. Мындай "ийгилик” учун арзыматтарынын башын алып, куубаганына караганда Алмаз Шаршенович деле кырдаалды толук баамдай албай жаткандай. Же, "буларды кууп жиберсем ким менен калам(?) деп коркуп, аны менен шынаарлашканга ынтызаарлар кєп деле эмес экенин сезип жатат” десек болот. Салыштырса болот, болбойт деп суроо коюп туруп, орто жерден "боктон конфета чыгарып алабыз” деген доопоросторго куну тушуп калган Алмазбек Атамбаевге чындап келгенде, кээде боорум ооруп кетет. А менин оюмду билгинер келсе, мен 3-октябрга эмес, керек болсо 4- октябрга деле салыштыра берем. 
- 4-октябрда эмне болду эле?
-  Кордунбу? Керек болсо эч нерсе болбогон кунго да салыштырса болот бекен? "Оруста соз бар "сравнил попу с пальцем” деген. Андыктан баардык нерсени салыштырса болот. Мен салыштырсам апрель менен мартта авторитардык режимге чыдабай, уй-булоолук, криминалдык режимдин зомбулугуна тоюп буткон эл которулушко чыкты да жексурун болгон бийликтерди кууп салды. А, 3-октябрда элдик которулуш болгон жок. Оппозициянын "Кумтор” кенинде элдин кенчин тоноп жаткан эл аралык аферистер менен ичтен чыккан, саткын чиновниктерге каршы уюштурулган нааразычылык акциясы провакация менен аяктап, "атажуртчулардын” лидерлери камакка алынды. Бул жерде кызуу кандуулукка алдырган саясатчылардын да салымы бар экенин тана албайбыз. Болгону ушу. 
- Эл ичинде "Садыр Жапаров деле Кубат Кожоналиев сыяктуу толук акталыш керек болчу, ал бийликти басып алууга ундоп, дубалга асылган эмес” деген кептер айтылууда. Ушул онуттон алып караганда сот окуму адилетсиздей болуп туюлууда. Сиз кандай дейсиз? 
- Туура байкапсынар. Садыр оппозициянын митингисин мыйзам чегинде откозууго болгон кучун жумшады. Мыйзамга каршы чакырыктарды жасаган жок. Кызуу кандуулукка алдырып жаткан Камчыны токтотконго да болгон аракетин жасаганын эл коруп турду. Бирок, эл деген сел экен, уу-дуу менен ушундай болуп кетти. Андыктан Садырды толук актаса болмок деген силердин пикирге мен да кошулам. Тилеке каршы,сот саясатташып кеткенине байланыштуу ушундай окум кабыл алынды. Анын устуно Садыр Кубат Кожоналиевдей болуп уй камагында болгон жок. Анын отурган кундорун моюнуна илбесе камагандар жоопко тартылышы керек. Моралдык, ж.б. компенсациялар толонушу керек. "Кылгылыкты кылгандарды” жумуштан айдоо керек дегендей койгойлор чыгат. Бир соз менен айтканда укук коргоо, сот органдары "карга карганын козун чукубайт” кылышып бири-бирин прикрывать эткендегиси десек болот. 
- Рахмат. Сабыр агай, мына апрель элдик тонкорушуно уч жыл толгону турат. Бул дата сиз учун майрамбы? Ким менен кандай майрамдаганы жатасыз? 
- Мен учун 24-март дагы, 7-апрель дагы кыргыз элинин эркиндикке умтулуп, жексурун бийликти кулатып, женишке жеткен куну. Майрам. Ошол эле кезде эркиндик учун шейит кеткен аксылык боордошторду, Ала-Тоо аянтында курман болгон жаштарды эскеруу куну. Азыр 24-март жоюлсун, 7-апрелди майрамдайбыз дегендер чыкпадыбы. Мен аларга кошула албайм. Ошондуктан, илгери союз убагында 23-февралды кызыл кун кылбай майрамдагандай кылып эле белгилешибиз керек, деп эсептейм. Мени эски соратниктер майрамга чакырышпайт. Ошондо плошадга чогу барган, жарадар болгон жигиттер чакырып калышат. Ошолор менен аянттан арак ичип тарап кетмей салтыбыз бар.
- Сиз менен кошо оппозицияда болгон досторунуздун баары бийлик башында отурат. Революцияга катыштым дегендердин кобу кызматка турушту, сиз жада калса "апрель баатыры” деген калайга да арзыбаганыныздын сыры эмнеде? 
- Мен Акаевди бийликке алып келгенде окмоттук проекте орун басарлык кызмат алдым. Бакиев да мага акуйдон президенттин адам укугу комиссиясынын торага орун басары деген кызмат берди. Экоондо тен эле бир эки жылдан ашык отура алган жокмун. Балким менин мунозумун айынан батышпадым? Аны айта албайм. Ошо эки жолу тен, жаштыктан болсо керек, мен деле апрелдегилердей болуп революционермин деп тош какканымды моюндайм.  Ишенесинерби, ишенбейсинерби билбейм. Бирок апрелден кийин кызматтан отказ кылганым бар. Тош да каккан жокмун. 
Апрелден кийин мени Алмаз Атамбаев 3-4 жолу кабыл алып, кызматка чакырып, акчалай жардам берген. Мен ошондо парламенттик шайлоодон кийин кызматка  келем деп, отказ кылгам. Чынын айтсам, шайлоодо пиар жасап акча таап алайын деп азгырылгам. Анан шайлоодо мен иштешкен гезиттер башка лагердегилер менен келишим тузуп, соратниктер менен карама каршы болуп калдым. Эски досторду согууга туура келди. Туштуктогу улут аралык кагылыш да таасирин тийгизди деп ойлойм.  
Ошентип шайлоо аяктагандан кийин кайра кызмат сураганга батынуу уят болуп калды. Андыктан, менин, башкаларын айтпаганда да А.Атамбаевге бул маселе боюнча таарынычым жок. Калай медаль боюнча айтсам. Бир жолу Омурбек Текебаев жетинчи кабаттагы кабинетинен: "Сабыр сенин эмгегин бар, сен албай калыпсын, сага медаль берейин” деп шкабын ачты. Партия лидерлери таратып аткан кез. Анан мен, "Омуке рахмат албайм” дедим. Себеби, бир ирет !”Ата Бейитке” куран окууга барсам, кезинде  Бакиевдер менен келишип, ал кездеги оппозицияны ичинен талкалайбыз дешкен "элдик кенеш” дегендин провакаторлорунун кобу тошторун жалтыратып баатыр болуп алышыптыр. Ошондон журогум катуу айнып калыптыр. 
- Ошондо кандай, омур бою оппозиция болоюн дединизби?
- Ал тууралу деле ойлонгон жерим жок. Менде кызматка жетпей калдым деп кайгыруу, окунуу деген эмес. Кайра тескерисинче озумду ото комфорттуу сезем. Эч кимге бересем жок, абийирим таза. Бала-бакыра, небере-чоборо аман-эсен, ден соолук Кудайга шугур. Кийим бутун, курсак ток. "Санаасы жок сары сууга семирет” демекчи санаа жок, уйкум тынч. Оппозиция тууралу айта турган болсом, азыркылардын колдой турган деле кылыгы жок, конулумо толуп турган деле жери жок. Жон эле оппозиция аталганы учун колдоп жатам. Себеби, оппозиция болбосо болбойт. Оппозиция жок болуп калуу коркунучу бар. Мындайда мамлекетибиз артка кетуу коркунучуна кабылаары реалдуу. "Ордунда бар онолот” демекчи оппозиция чыйралат, тузолот, онолот деген ишеним менен жашоодон башка арга жок. Ошондой эле бийликти куноосу бар жогуна карабай сындап жатканыбызды деле моюндайм. Бул турмуштун зарылчылыгы, "антип турбаса болбойт, кооп кетет, элди козго илбей калат” деген коркунуч жок эмес. Ошон учун таарынса тарынсын деп, эски досторду былчылдатып жатам. Кобу тушунуу менен кабыл алышаарын билем.

Суроо салган Айгерим Макешева

   


купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Begai
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter