29 декабря 2016, 17:14

Эльмира Ибраимова: Монополистерди калкалап, бийлик бюджет менен коомдуу талкалоодо

Цементтөөчү орто класстын жоктугу, аз сандагы бирок абдан бай элита менен Кыргызстандын үчтөн бир бөлүгүн түзгөн көп сандаган жакыр элдин ортосундагы айырма – мунун баары азыркы жашообуз. Өлкөбүздүн экономикалык өнүгүүсүндө ушундай кайгылуу абалдын себеби эмнеде жана жакырчылыкка баткан элдин фонунда эмне үчүн олигархиялык монополистер активдүү гүлдөп жатканынын себептерин бизге Эсеп палатасынын мурдагы төрайымы, коомдук ишмер Эльмира Ибраимова баяндап берди.

 


- Эльмира Султановна, монополистердин иш-аракеттери каалагандай жолдор менен киреше көрүү каалоосунан улам чыгып жатканы түшүнүктүү. Бул аракет башка жарандарга кандай таасир тийгизет? Алардын аракетинен бюджет кандай пайда көрөт?
- Монополиялар – өлкө экономикасынын өнүгүүсүнө кыйла тоскоолдук кылуучу нерсе, ал эми бийлик монополиянын кызыкчылыктарын сүрөгөн мезгилде анын терс ролу кыйла көбөйүп, калктын социалдык абалынын начарлоосуна алып келет.
Монополистер сапатсыз товарды кымбат баада сатууга кызыгдар. Алар мамлекетке пара берип, же өздөрү бийлик башына келүүгө аракеттенет, ал жерден өзүнө преференция алып, тийешелүү өлчөмдө салык төлөөдөн кутулуп, мамлекетти атаандаштарга тукурат.
- Мындайга алар кантип жетет?
- Аларды бюджеттке кандайдыр бир төлөмдөрдү кошуудан кутулткан атайын мыйзамдарды, келишимдерди жана тартиптерди сүрөп чыгышат. Натыйжада монополия эбегейсиз зор киреше көрүп, элдин жакырланышы мамлекет кирешесине зыян туудурат. Мында бир аз аткаминерлер байып отурат.
- Мисалы?
- Тегирменчи компанияларынын кызыкчылыгын сүрөө буга мисал болуп бере алат.
2010-жылы, ыңкылаптан кийин казах унуна алым киргизип, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгын көздөп жатабыз - Монополиялар – өлкө экономикасынын өнүгүүсүнө кыйла тоскоолдук кылуучу нерсе, ал эми бийлик монополиянын кызыкчылыктарын сүрөгөн мезгилде анын терс ролу кыйла көбөйүп, калктын социалдык абалынын начарлоосуна алып келет.
Монополистер сапатсыз товарды кымбат баада сатууга кызыгдар. Алар мамлекетке пара берип, же өздөрү бийлик башына келүүгө аракеттенет, ал жерден өзүнө преференция алып, тийешелүү өлчөмдө салык төлөөдөн кутулуп, мамлекетти атаандаштарга тукурат.
- Мындайга алар кантип жетет?
- Аларды бюджеттке кандайдыр бир төлөмдөрдү кошуудан кутулткан атайын мыйзамдарды, келишимдерди жана тартиптерди сүрөп чыгышат. Натыйжада монополия эбегейсиз зор киреше көрүп, элдин жакырланышы мамлекет кирешесине зыян туудурат. Мында бир аз аткаминерлер байып отурат.
- Мисалы?
- Тегирменчи компанияларынын кызыкчылыгын сүрөө буга мисал болуп бере алат.
2010-жылы, ыңкылаптан кийин казах унуна алым киргизип, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгын көздөп жатабыз деген шылтоого жамынышты. Бирок баарыбыз сонун билебиз, биздин буудайыбыз сапаты жагынан да, көлөмү жагынан да казактардыгына атаандаша албайт. Бирок алымды буудайга эмес, унга киргизишти. Себеби ун стратегиялык азык болуп эсептелинет, анын санын чектесе, баасы дароо жогорулап, калктын өзгөчө аярлуу катмары мындан абдан жапа чекмек.
Ошондой эле болду. Коомдогу чыңалууну азайтуу үчүн бийлик нандын баасынын кымбаттоосуна алып келген кызыкчылыктарды сүрөөсүнүн кесепетин оңдой баштады: жер-жерлерде муниципалдык наабайканаларын ачты, нан сатуучу муниципалдык түйүндөрүндө чекене бааны чектеп койду. Бул 19-кылымдын ыкмалары да! Бирок бир нече убакыттан кийин бийлик башында турган тегирмен ишканаларынын ээлерине 2015-жылы алган преференциялары аздык кылып, алар казахстандан ун мыйзамсыз алынып келип жатат деген маселени жигердүү көтөрө баштады. Мына ушул шылтоо менен 16 тегирмен өндүрүшүнүн иши токтотулду.
Мына ошентип, буга чейин преференция алганына карабастан, бул фирма рынокто монополист болуп калды.
- Бирок мамлекет бул маселени көзөмөлгө алышы керек эмес беле? Бул жерде бюджетти толуктоо, кызмат
орундары, калкты азык-түлүк менен камсыздоо маселелери жатпайбы…
- Ун сыяктуу стратегиялык азык рыногунда атаандаштыкты чектегенин жагынан алганда мамлекеттин аракети өтө кызык көрүнөт. Себеби мындай азыкка чектөө салуу жана анын баасын өзгөртүү социалдык жактан алганда абдан сезимтал маселе. Ал эми монополист компаниясы менен аны менен кошо аффилирленген түзүмдөр бийликтеги партия мүчөсүнө таандык экенин ЖМК да бир нече жолу жазып чыккан.
- Аткаминерлер монополистердин кылык-жоругун байкамаксанга салып, анысы аз келгенсип, аларга жардам берген дагы кандай тармактарда ушундай көрүнүш байкалат? Же тегирменчилер – жалгыз ганабы?
- Бул жөнөкөй элдин байгерлигине бут тосуп, жеге өзүнүн материалдык кызыкчылыгын көздөгөн бийлик башында турган аткаминерлер менен саясатчылардын монополистердин кызыкчылыгын сүрөгөн бир гана мисал. Өлкө ресурстарынан (мисалы, тоо-кен өнөр жайы, фармацевтика, кант импорту, авиа ташуу, күйүүчү май рыногу, алкоголь өндүрүү, таттуу азыктардын импорту ж.б.) пайда көргөн монополист жана компаниялардын кызыкчылыгын сүрөгөн фактыларды айта берсе арбын, булардын негизинде жемкорлук аркылу байлык топтоо механизми жатат. Бийлик жана капиталдын жемкорлук байланышы өлкөнүн кеңири маанидеги өнүгүүсүнө болгон негизги тоскоолдуктардын бири (бул жерде кеп ИДПнын өсүүсү эмес, экономикалык субъектилер менен мамлекет тууралуу сөз жүрүп жатат).
Калктын да, мамлекеттин да кирешесин жөнгө салуучу нерсе атаандаштык чөйрө өкүм сүргөн рыноктун сегменти болуп эсептелинет. Ал эми монополистер болсо бир аз гана аткаминерлер менен боссторду мамлекеттен алынган преференциялардын эсебинен байып, алардын жемкорлук байланышынан улам бюджетке төлөнгө салыктардан толугу менен кутулуп, салык төлөө милдети таза иштеген рынок субъектилеринин мойнуна жүктөлүүдө. Натыйжада мамлекет толук кандуу киреше албай, монополдоштурулган тармактарда атаандаштык басмырланып, бизнестин өнүгүүсүнө жолтоо болуп, калкты иш менен камсыздоо төмөндөп, элдин ансыз деле болбогон кирешеси монополистер менен аларды сүрөгөн саясатчылардын чөнтөгүнө салынууда.
- Бул тууралуу көбүрөөк сөз кылынса гана. Бул жалпыга маалым болсо, балким бийлик мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп, башкача иш алып бармак.
- Рыноктун айрым тармагындагы монополдоштуруу фактылары ЖМК чыккан макалалардан улам жалпыга маалым болуп отурат. Бирок, тилекке каршы, жарандарыбыз объективдүү маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган. Учурда бийлик сын-пикирге көралбастык кылып, чынчыл маалыматты жарыялап, бийликтеги партиядагы адамдар жана анын лидерине көлөкө түшүргөн жалпыга маалымат каражаттарын басмырлап жатат.

2 комментария
  1. сапар
    туз жургон чиновниктерди бийлик иштетпейт, ошондой эле Ибраимованы эсептик палатадан кетиришкен, создоруно толук ишенем
  2. ро
    Счетный палатада иштеп жургонунуздо эшек талкалап журдунузбу? Акылыныз жок эл учун куйбогон манкурт адам экенсиз? Ошол кезде колунузда баарыдык мумкунчулуктор бар эле, ошондо кылбай эми суйлогонунуз озунузду андан бешбетер жаман аттуу кылганыныз. Каранызчы озунузду чочкодой долуп взяткаларга малынып жеп келгенинизди коросуз. Озунузду лох келесоо кылбай суйлобой эле котунузду кысып уйунуздо неберелеринизди карап олтурунчу, ушул сизге керек азыр. Колунуздан пок келбегенден кийин суйлоп не кылас! Сиздерлей толуп жатат жогорку кенеште жана ак уйдо жана резиденцияда. Баарынар тынч эле кетип калгылачы озунорду келесоо кылбай!!!

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021