11 января 2017, 16:08

Казакстандын «Халык банк Кыргызстан» банкы катардагы кыргыз жарандарынын жеке менчигин тартып алып, сызга отургузууда

Казакстандын «Халык банк Кыргызстан» банкы катардагы кыргыз жарандарынын жеке менчигин тартып алып, сызга отургузууда.
Саясий айдыңдагы куугунтуктоолор, бийликке жакпаган коомдук ишмерлер менен депутаттарды басмырлоо тууралуу баарыбыз эле билебиз. Бирок, соңку күндөрү өз арбайын өзү согуп, тиричилигин кылып жаткан ишкерлердин азабы тууралуу айтылбай деле калып жатат. Маселе, саясий кырдаалдан эмес, айрым банкирлердин жеке кызыкчылык менен башка бирөөлөрдүн мүлкүн мыйзамсыз түрдө одоно тартып алуу аракеттеринен улам чыгып жаткандыгы тууралуу коомго жар сала турган мезгил келип жетти..
Анда окуя башынан болсун…Так ушундай жагымсыз окуяга 2014-жылы «Халык Банк Кыргызстан» Ачык акционердик коомуна кредит алуу үчүн кайрылган мекендешибиз Тамара Галдашова туш болду. Кредиттин төлөө мөөнөтү 5 жылга макулдашылган, ал 2019-жылдын 28-ноябрында бүтмөк. Ал үчүн күрөө катары кыргыз жараны Бишкек шаарынын Абрахманов көчөсү, 145 дарегиндеги турак жай эмес кыймылсыз мүлкүн койду. Ал жерге ишкер мейманкана курууну пландаган.
Насыя алып жаткан учурда ишкер айым жана анын үй-бүлөсү өздөрү күрөөгө койгон жеке менчик мүлкү үчүн түйшүк тартып, канчалаган нерв коротуп, көп жолу соттошуп, ага кошумча менчик имаратты рейдерлик басып алуу окуясы менен коштолоорун, ал үчүн жалданма спортчу жигиттер менен тирешүүдө бир баласы жабыр тартаарын ойлогон да эмес. Рейдерлик кол салуудан үй-бүлө кызыкчылыгын коргоо учурунда Галдашованын кичүү уулу катуу токмок жеп, анын кесепетинен комплекстүү соттук-медициналык комиссиялык экспертиза тарабынан баланын бөйрөгүнө татаал операция жасалып, солкулдаган жаш жигиттин ден соолугуна оорду толгус зыян келтирилген.
Белгилей кетсек, ишкер банктан 170 миӊ АКШ долларын кредитке алып, ал үчүн жалпы аянты 1641 чарчы метр болгон эки кабат кыймылсыз мүлктү күрөөгө койгон. Күрөө боюнча макулдашууга Галдашова беш кабат имараттын эки кабатын гана күрөөгө койгон. Кыймылсыз мүлк турган жер тилкесин күрөөгө кошкон эмес.
Кредит боюнча анча чоӊ эмес кечигүүдөн улам банкирлер 2015-жылы ишкерден насыя үчүн коюлган күрөөнү тартып алууну чечишкен. Мүмкүн борбор калаанын так ортосундагы жер тилкеси аларга баалуу көрүнсө керек. Ал мүлктү алуу үчүн эӊ биринчи кезекте банкирлер үчүн ыӊгайлуу болгон улуттук мыйзамдардын айрым беренелерин колдонууну чечишкен.
Ишкер банкка 10 900 доллар карыздар болгон. Бул боюнча кардарга соттон тышкары өндүрүү чаралары башталаарын билдиришет. Билдирүү алгандан кийинки он күн ичинде Галдашова каражат таап, банкка 10500 доллар төгүп берет. КР Жарандык кодексинин 336-беренесине ылайык, «карыздар же үчүнчү жак болгон күрөө берүүчү тарап, күрөөгө коюлган мүлк сатылганга чейин күрөө менен камсыздалган милдеттенмелерди аткарууда же анын анын төлөө мөөнөтү өтүп кеткен бөлүгүнүн карызын жабууда өндүрүү чараларын же сатууну токтотууга укуктуу».
Бирок банк Галдашова мөөнөтү кечиккен сумманы төлөгөндөн үч жума өткөндөн кийин күрөөдөгү мүлктү сатууга койуп, кардардан кредит үчүн төлөмдөрдү кабыл алуудан баш тарткан. Ишкерде 2015-жылдын 21-июлунда накталай төлөгөн 5500 доллардын жана
баланын бөйрөгүнө татаал операция жасалып, солкулдаган жаш жигиттин ден соолугуна оорду толгус зыян келтирилген.

31-июлда төлөнгөн 5000 доолардын квитанциялары бар.
Эске сала кетсек, кредиттик макулдашуунун мөөнөтү 2019-жылдын аягында бүтөт. Баарынан кызыгы, эки төлөмдү теӊ банк карызды жабуу үчүн кабыл алат. Бирок үч күндөн кийин күрөө берүүчүгө банкка төлөгөн каражаттарын «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын ишеним каты боюнча иш жүргүзгөн «Аверс» ЖчКнын банктык эсебине которууну суранышат. Так айтканда, банкирлер ошол учурда өз кардарына карата жаман ниетте кыянатчылык кылышкан, ошондуктан алар мындан ары карызды төлөө үчүн төлөм кабыл албай турганын «Аверс» ЖчК аркылуу билдирүүнү чечишкен.
Карызды төлөп бергенине жана жеке эсебинде Галдашованын акча каражаттарын кармап турганына карабастан банк «Аверс» ЖчК аркылуу 2015-жылдын 20-августунда ачык сатуу өткөрүп, кардардын мүлкүн Арген Токобаев атуу жаранга 179 миӊ 241 долларга сатып жиберген. Чынында имарат беш миӊ чарчы метр аянттан турат (беш кабат курулуш) көз карандысыз баалоочулардын эсеби боюнча беш миллион долларга бааланат.
Галдашова Соода өнөр-жай палатасынын алдындагы Эл аралык третейлик сотуна кайрылган. Ал сот 2016-жылы 13-июнда арыз ээсинин талабын канааттандырып, 2015-жылдын 20-августунда өткөн соттон тышкаркы ачык сатууну жараксыз деп тааныган чечим кабыл алган. Бирок банкирлер «Халык Банк Кыргызстан» ААК менен күрөө берүүчүнүн ортосундагы макулдашууга карабастан третейлик соттун талабын аткаруудан баш тартышты: макулдашуу боюнча тараптар талаштуу маселелерди Эл аралык третейлик соттун чечимине ылайык чечишмек. Тагыраак айтканда талаш ушуну менен токтомок, бирок банкирлер кардарын жалпы юрисдикция соттору менен соттошууга тартышты.
Андан кийинки соттошууда биринчи инстанциядагы сотто мүлктү чыныгы ээсине кайтарып берүү эмес, сатып алуучу жаран Арген Токобаевдин ак ниеттүүлүгү каралды. Эгерде бул маселе боюнча териштирүү Жогорку сотто Токобаевдин пайдасына чечилген болсо, анда «Халык Банк» Эл аралык третейлик соттун чечимин аткаруудан таптакыр баш тартмак эле. Мындан улам түшүнө турган нерсе, кардарлар менен соттошуу көп жылдарга созулганда процесстин өзүндө соттук териштирүүнүн предмети да абдан майдаланат. Бирок Жогорку сот Токобаевдин ак ниеттүүлүгү тууралуу сот чечимин жокко чыгарды, бул кардарга өз мүлкү үчүн күрөштүү улантууга жол ачты.
Ошентип, имараттын жаӊы ээси аталган Арген Токобаев Сверлов райондук сотунун 2016-жылдын 2-февралындагы арест коюу тууралуу чечимине карабастан спортчу жигиттер менен келип, Галдашованын мүлкүн рейдерлик жол менен басып алууга жана ичине кирүүгө аракет жасаган.
Белгилей кетсек, бул соттук инстанция Токобаевге талаштуу объектиде кандай гана аракет болбосун ишке ашырууга тыюу салган. Так ошол учурда көп сандуу рейдерлерди токтотууга аракет кылган Галдашованын кичүү уулу катуу сабалган. Рейдерлерден мүлкүн коргоого– Галдашова, жолдошу жана алардын эки уулу болуп төрт киши гана келген. Окуя болгон кезде Галдашованын кичүү уулунда уруксаты бар травматикалык тапанчасы болгон. Ал курал бир дагы жолу колдонулбаса да Свердлов райондук ИИБ бул факты боюнча кылмыш ишин козгогон.
Рейдерлик басып алуулар токтогон жок. Эми Галдашова Арген Токобаевдин, «Аверс» ЖчКнын өкүлү Тимур Тюбеевдин, «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын жетекчилигинин, анын ичинде башкармалыктын төрагасы Кастор Мамытовдун үстүнөн арыз жазды. Кастор Мамытовдун уулу Анвар Мамытов – Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын мурдагы кызматкери болуп саналат, ал өз кезегинде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана пара алуу боюнча айыпталган.
Арыз жазылган факт боюнча тергөө органдары тарабынан «Алдамчылык» (КР КЖК 166-беренеси, 2-б. 4п, 4-б.2,3 пункттары) жана «Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкеринин ыйгарым укугунан аша чабуусу» (КР КЖК 221-беренеси, 2-б, 4-б.2. п) кылмыш иши ачылды.
Коммерциялык банктын жетекчилиги кылмыш ишин жабууга кызыктар экенин жашырбайт, ал гана эмес банк өкүлдөрү ушул маселе боюнча тийиштүү органдарга кайрылышкан. Бирок Бишкек шаардык соту 2916-жылдын 26-декабрында «Аверс» ЖчК директору Т.Токтакунованын атынан Тимур Тюбеевге 2015-жылдын 20-августунда берилген ишеним катты (каттоо номуру №5952) «жараксыз» деп тааныды.
Бул болсо жаран Галдашованын күрөөгө коюлган мүлкүн сатууда алдамчылык фактысы болгонун күбөлөйт. Так айтканда эми тараптар кылмыш иликтөөнү токтото албайт. Ал эми Арген Токобаевге ошондой эле Галдашованын уулун аёсуз уруп-сабаганы үчүн КР КЖК «Атайылап ден соолуук оор залал келтирүү» беренеси (104 берене, 2-бөл. 5,9 п.) боюнча кылмыш иши козголду. Өлкө мыйзамдары боюнча мындай кылмыштар оор кылмыш катары эсептелет, андыктан Токобаев жана анын тарапташтары токтоосуз түрдө камакка алынышы керек. Бирок эмнегедир укук коргоо органдары бул ишти аягына чыгууга анча шашпагандай түр көрсөтүүдө.
Белгилей кетсек, Башкы прокуратуранын 2016-жылдын 22-декабрындагы токтомуна ылайык, Токобаев менен коммерциялык банктын кызматкеринин ич ара жеӊ ичинен келишип алганы тууралуу доочу Галдашованын версиясы да иликтенет, андан тышкары анын формалдуу кардар катары боло алаары, иш жүзүндө банктын кызматкерлеринин өздөрү же дагы башкалар да аларман боло ала турган шарт да каралат.
Жеке ишкер менен банктын ортосундагы соттук кармашуу ошентип узакка созулду. Бирок талаштуу мүлк боюнча Галдашова менен «Халык Банк Кыргызстан» ААКнун 2016-жылдагы соттук териштирүүсү Тамара Галдашованын пайдасына жыйынтыкталды. Бишкек шаардык соту ачык сатуулардын протоколун, мүлктү сатуу боюнча ишеним катты жараксыз деп табууну токтом кылды, ошондой эле «бүтүмдүн жараксыздыгынын натыйжасында тараптардын абалын баштапкы абалына келтирүүнү» камсыздады. Шаардык соттун чечими жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Иштин ушундай чечилишинде да «Халык Банк Кыргызстан» ААК сот чечимин аткаруудан баш тартууда. Же казак банкына кыргыз мыйзамы иштебейби??? Бул тууралуу кийинки макалада сөз болот.

Казакстандын «Халык банк Кыргызстан» банкы катардагы кыргыз жарандарынын жеке менчигин тартып алып, сызга отургузууда

Казакстандын «Халык банк Кыргызстан» банкы катардагы кыргыз жарандарынын жеке менчигин тартып алып, сызга отургузууда

Казакстандын «Халык банк Кыргызстан» банкы катардагы кыргыз жарандарынын жеке менчигин тартып алып, сызга отургузууда

Казакстандын «Халык банк Кыргызстан» банкы катардагы кыргыз жарандарынын жеке менчигин тартып алып, сызга отургузууда

Казакстандын «Халык банк Кыргызстан» банкы катардагы кыргыз жарандарынын жеке менчигин тартып алып, сызга отургузууда

Казакстандын «Халык банк Кыргызстан» банкы катардагы кыргыз жарандарынын жеке менчигин тартып алып, сызга отургузууда

Присоединиться в нашу группу WhatsApp
Jypara
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KPRESS.ORG 2016

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter