27 февраля 2017, 14:45

Камчыбек Ташиев: Мен камалганда Текебаев жакшы сөз айткан эмес


«Ата-Журт» партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиев Өмүрбек Текебаевдин камалышын саясий куугунтук катары баалап, муну бийликтин одоно катасы катары эсептейт. Бишкекте өткөн саясий талкууда Камчыбек Ташиев журналисттердин өлкөдөгү соңку кырдаал тууралуу суроолоруна жооп берди.

- Текебаевдин камалышын эмнеден көрүп жатасыз?

- Саясий куугунтуктун негизинде, өч алуу үчүн камалды деп эсептейбиз. Текебаев УКМКнын тергөө абагына камалганы өкүнүчтүү. Эгер ал кылмыш жасаган күндө да ишти тынч иликтеп, коомчулукка түшүндүрүү керек болчу. Текебаевди тез арада кармап кеткидей ал катардагы жөнөкөй жаран эмес да, өз орду бар таасирдүү саясатчы…

- «Өзү кылган иш, өз башына муш» дегендер да жок эмес экен…

- Эми баарыбыз адамбыз, бирөөнү табалабашыбыз керек. Ошол эле Өмүрбек Текебаев мен камалган маалда бир ооз жакшы сөз айткан эмес. Ошол эле Аида Салянова менин камалышыма түздөн-түз өзү аракет жасаган. Мындай учурда биз адамдарды табалабастан, кайрадан жардам беришибиз керек. Бүгүнкү күндө ошол кишилердин башына каран күн түшүп, аларды мыйзамсыз камап жатканын биз туура эмес дейбиз жана аларга жардам беришибиз керек.

- Сиздин партиялашыңыз, досуңуз комментарий берип жатып «Текебаев ушуну көрмөк» дегендей айтып алгандай болду…

- Менимче, Акматбек Келдибеков бир аз туура эмес айтып алышы мүмкүн. Бирок биз эч кимди табалабайбыз. Эгерде Өмүрбек Текебаев мыйзам бузбаган болсо, сөзсүз түрдө сот алдында актыгын далилдеп чыкканга укугу бар. Жана ошого жардам беришибиз керек.

- Салянованын иши боюнча эмне айтмакчысыз?

- Аида Салянова өз убагында өлкөбүздө баш прокурор болуп турганда өтө көп мыйзам бузуучулукка барган. Ошол мыйзам бузуунун запкысын кайсы бир деңгээлде биз да тартып калганбыз. Ошондуктан эгерде Аида айымга карата кылмыш иши туура эмес козголсо, же ошол адамды бүгүнкү күндө туура эмес жоопко тартуу аракети болгон болсо биз муну туура эмес деп эсептейбиз. Бирок ошол эле мезгилде Аида айым өзү дагы башкы прокурор болуп турган маалда көптөгөн мыйзам бузуучулукка барганын биз тактап, аныктап айта алабыз.

- Өлкөдөгү азыркы коомдук- саясий кырдаалды кандай мүнөздөйсүз?

- Өтө курчуп бара жатат. Азыр мага жергебиздин бардык булуң-бурчтарынан шайлоочулар чыгып жатат. Айрыкча түштүк жергесинен - Жалал-Абаддан, Оштон өтө көп шайлоочулар чыгууда. Эгерде ушундай тирешүү улана берсе, саясий абал мындан да катуу курчуп кетиши мүмкүн. Жана буга бир гана бийлик күнөөлүү болот.

- Бийлик менен оппозициянын ортосунда диалог барбы?

- Эгерде бийлик диалогго келе турган болсо, биз алар менен сөзсүз түрдө сүйлөшүүгө отуруп, тил табышканга даярбыз.

- Бийликтегилердин арасында диалогго ийкемдүү саясатчылар бар дейсизби?

- Эгерде булар диалогго ийкемдүү болгондо Өмүрбек Текебаев мырзаны камабай, сүйлөшөт болчу…

12 комментариев
  1. мен
    ташиев келдибеков экоонор катындан айырманар жок экен силерден акыйкаттыкты сурап жатышат озунордун обиданарды айтчу жерден айтсанар бир аз абройлуураак болмоксунар ашаныкын канча жаласнар да силерди уруп ойнобойт
  2. Гражданин КР
    Жогорку бийликтегилердин барын алмаштырып салмайын кыргызстан онугушу мумкун эмес деп ойлом, же болбосо кытайлардын мыйзамдарын киргизиш керек озгочо "атуу" мыйзамын...
    Азыр бийликте жалан карышкырлар иштеп жатышпайбы кыргызстан онолбойтко булар менен. Жаз келген сайын спектакль уюштуруп журо беришет.
    Мындай кылыктары менен Кыргызстанды азыркы Украинанын акыбалына алып барышбаса экен...
    Эмне болсо да Кыргыз элим аман болсун. Биримдикте бололу Кыргызстандын тынчтыгын сакайлы!
    1. Максимка ( пулемет) .
      Абдан туура создор , озгочо Кытайдын методдоруна биз муктажбыз ...
  3. Карим
    Таш говорит .. " Текебаев не простой человек чтобы вот взять и арестовать ... " значит по его мнению простого человека можно , а их особых нельзя ... продолжает нести бред .. Подозрительно правильный стал .. Таш , природу не изменить , при блгополучных обстоятельствах для тебя , нет гарантий , что не станешь таким же как прежде ..
  4. Талгат
    Эми сага жакшы соз айткыдай сени жон камаган эместа , а Теке кашадан секирген жок.
  5. Патрон
    Бул саясатчылар озунун кызыкчылыгы учун элди экиге болбосо экен
  6. аман.
    Мыйзам бардык адамдарга бирдей болууш керек.
  7. аман.
    Текебаев жонокой эле жаранда депутат деген эле мандаты болбосо карапайм элди деле кармап кетип атышпайбы жее аларды сурака чакырганда барып атышпайбы.
  8. Али
    Мен баарын тен колдобойт болчумун.
  9. Максат
    А. Келдибеков, к. Ташиев булар эртеби, кечби бийликке келишет, мамлекеттин онугуусуно салымын кошот.
  10. Аидка
    Ташиев адилеттуу соз суйлоптур. Азамат. Кыргыздын чыныгы уулу.
  11. Эл
    Ахмат Келдибеков и Ташиев символ корупция

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021