16 февраля 2018, 17:47

Сүйүн Өмүрзаков ИИМ министринин орун басары: “Андай ушактарга кулагыбыз бышып бүткөн”

 

- Сүйүн мырза! Бельгия өлкөсүнө болгон иш сапарыңыз боюнча айтып берсеңиз. Бул сапардын негизги максаты эмне эле?

 

-Бельгиядан бир нече саат мурда учуп келдик. Бул иш сапардын негизги максаты тажрыйба алмашуу, башка өлкөлөрдүн иш алып баруулары менен таанышуу болчу. Иш сапарыбыз жемиштүү болду десем жаңылышпайм. Бельгиялыктардын бир топ жакшы иштерине күбө болуп кайттык. Алардын бизден өтө көп өзгөчөлүктөрү, айырмачылыктары бар экен. Эми Бельгия Европанын өкүккөн өлкөлөрүнүн бири. Экономикасы дагы, калкынын жашоо-турмушу дагы жогорку деңгээлде. Он бир миллиондон ашык калкы бар. Биздин барган себебибиз өзүбүздүн кызматыбызга байланыштуу болду. Алардын иш тажрыйбаларын көрүп, кылмыштуулуктун бетин ачуудагы ыкмаларын өз көзүбүз менен көрүп, биздики менен салыштырып өзүбүзгө керектүү жыйынтыктарды чыгарганга мүмкүнчулүк түзүлдү. Кылмыштуулука каршы иштерди өтө уюшкандыкта аткарышат экен. Мага баарынан жакканы келечек муундарга жасаган мамилелери болду. Он сегиз жашка чейинки кылмыш жасаган өспүрүмдөргө кылмыш иши козголбойт экен. Атайын тарбиялоочу мектептерге жөнөтүп, ал жактан туура жолго түшүугө багытталган мыкты тарбияларын берип, кайсы бир мөөнөттөн кийин кайра келип окуусун уланта беришет экен. Жаңыдан калыптанып келе жаткан жаштарга түрү суук түрмөнүн жашоосун ккөрсөтпөй, туура жолго салганы мага абдан жакты. Карап турсаң анчейин деле татаалдыктар жок, биз үлгү ала турган ушул сыяктуу көп тармактарын байкадык.

 

- Сиз Бельгиядан иш сапардан келгенче, коомчулукта кызуу талкуу жараткан маалыматтар таркады. Бир топ кесиптештериңиз менен банги заттарына Кыргызстан аркылуу алып өтүүнү камсыздайт деген сыяктуу макалалар жарыяланып кетти. Бул боюнча өз оозуңуздан уксак дедик эле?

 

- Негизи бул орду жок нерсе. Мындай суроону маалымат булактарынан буга чейин да берип келишкен. Менимче мындай жасалма дейбизби, буйрутма дейбизби маалыматтарга коомчулук деле ишенбейт болуш керек. Анткени мындай далилсиз ушактар биринчи жолу чыгып олтурган жок. Мен тескерисинче элибизди ууландырган бул балакет менен өмүр бою күрөшүп келем. Балким наркотикалык заттарды Кыргызстан аркылуу ташып жүргөн адамдарга жолтоо болуп, өлкөбүздө андай жаман илдетти жайылттырбай калган учурларым көп болгон. Милиция кызматкери катары наркотикалык заттарды сатуу менен шугулданган көп кишилерди кармап түрмөгө отургузуп, алардын мындай арам ишине жолтоо болуп жүрөм. Бул менин элимдин алдында аткаруучу милдетим. Кыргызда “чымчыктан корксоң тааруу айдаба” деген жакшы сөз бар. Мындай ушак, жалган жалааларга кулагым көнүп деле бүткөн, көңүл деле бурбай калгам. Мен акыр аягына чейин кылмыштуулукка каршы, анын ичинде баңгизаттарына каршы күрөшүүнү уланта берем. Эми кызмат аркалап, эл менен иш алып барып жаткандан кийин бирөөнө жагасың, бирөөнө жакпай каласың. Бирок мындай ушак-айыңдар бизди токтото албайт, элибиз үчүн ак эмгегибизди аркалай беребиз.


- Дагы бир маселе боюнча ачык жообуңуз керек эле. КР ММА жана панкратион федерациясынын президенти сиздин бир тууган иниңиз Улукбек Өмүрзаковдун Дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев жолукканы боюнча дагы ар кандай имиштерди жазып атышат?


- Иним Улукбек Өмүрзаков ММА федерациянын расмий президенти блуп шайланган. Ошондой эле Жолдошбек Көлбаев да Кыргызстандагы Дзюдо федерациясынын президенти экен. Бул кишилер өздөрү эле федерация президенти болуп шайланып калбайт. Мамлекеттик спорт комитети жана жалпы федереция, кыргыз спортчулары тарабынан шайланышкан. Ал экөө эки чон спорт федерацияларынын президенттери катары эмнеге жолугуп пикир алмашса болбойт? Менин иним ким менен жолукса да спорт тармагын өнүктүрүү боюнча жолугат. Ошондуктан бул жолугушуунун эч кандай саясаты жок. Жумурткадан кыр издеп тапкандарга жол болсун эми. Менимче биз бүгүн ушак айыңдан алыс болуп, эртеңкибизге керектүү мыкты иштерди көбүрөөк ойлонсок болмок. Калптын өмурү кыска, аман болсок элибиз өзү эле ким ак, ким кара экенин таразалап алат. Биз Кыргызстандын өнүгүүсүнө жана адамдардын тынч жашоосуна болгон кызматыбызды аянбай жасай беришибиз керек. Калганына Кудай анан элибиз күбө.

KABARLAR.ORG 2021