20 марта 2018, 18:34

Сот тутумунун бир катар кызматкерлери сыйланышты

Бүгүн, 2018-жылдын 20-мартында, өлкөнүн  сот тутумунун кызматкерлерин  Нооруз  майрамы  менен КР Жогорку  сотунун  Төрайымы  Айнаш  Токбаева  куттуктады. Анда Төрайым “Эзелтен ата-бабаларыбыз Нооруз майрамын чоң үмүт, жакшы тилек, ачык маанай менен тосуп келишкен. Бири-бирине жакшылык, ийгилик, бакыт-таалай каалашкан. Нооруз менен башталган жазгы жандануу жерибизге ынтымак, биримдик, молчулук алып келсин!”-деп  билдирди.


Жыйында, сот тутумунун бир катар кызматкерлери  КРнын  Өкмөтүнүн, КРнын  Юстиция  министрлигинин, Акыйкатчынын  атынан  куттуктоо  белектерине ээ  болушту.  Мындан  сырткары КРнын  Жогорку  сотунун  Пленумунун  2018-жылдын  19-мартындагы Токтому менен,  “Сот тутумун өнүктүрүүдөгү салымы  үчүн” медалы, “Кыргыз  Республикасынын сот  түзүмүнүн мыктысы” ардак наам  жана Жогорку  сотунун   Ардак грамотасы тапшырылды.

КРнын Жогорку сотунун “ Сот тутумун өнүктүрүүдөгү салымы үчүн” медалы менен  КРнын Жогорку сотунун судьясы  Каныбек Бокоев, “Кыргыз Республикасынын  сот түзүмүнүн мыктысы”  ардак  наамы менен  Индира Айтбаева сыйланды. Ал эми КРнын Жогорку сотунун Ардак грамотасы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын жарандык иштер боюнча соттук коллегиянын ишин  камсыздоо Башкармалыгынын башчысы  Сатарбек уулу Мирбек, Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьянын жардамчысы Гулнара Бейшенова, Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун консультанты Бектур Алайчиев, Жалал-Абад облусунун Аксы райондук сотунун бөлүм башчысы Рахат Иманбаева, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотунун бөлүм башчысы Гульмира Калыбаева, Нарын облусунун Ат-Башы райондук сотунун бөлүм башчысы Райхангул Сламова  сыйланышты.

Мындан тышкары, сот системасын, конституциялык негиздерди өнүктүрүүгө, мыйзамдуулукту, адам укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоону камсыздоого кошкон салымы үчүн, ошондой эле  Сот системасынын кызматкерлеринин күнүн майрамдоого байланыштуу, КРнын Премьер-министринин атынан энчилүү сааттар менен КРнын Жогорку  сотунун Төрайымынын   кеңешчисиКаныбек Акыев,  кадрлар, мамлекеттик  жарандык кызмат  жана иш кагаздарын камсыздоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Азамат  Кайыпов ,  жазык  иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү  иштер боюнча  соттук коллегиянын ишин  камсыздоо башкармалыгынын башкы адиси Канатбек Сатиндиев,  административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук тажрыйбаны жалпылоо секторунун башчысы  Саматбек Шералиев сыйланышты.

Ал эми КРнын Премьер- министринин атынан  КРнын Жогорку сотунун  аппаратынын  жарандык иштер боюнча соттук  колегиянын  ишин  камсыздоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Нуржамал Асылбековага,  административдик  жана экономикалык иштер боюнча  соттук  коллегиянын  ишин  камсыздоо  башкармалыгынын  башкы адиси Айсулуу Момунбаевага, жазык иштери жана  административдик  укук бузуулар жөнүндөгү  иштер боюнча соттук коллегиянын ишин камсыздоо  башкармалыгынын  башкы адиси Нурпериза Сагымбаевага,  административдик жана  экономикалык иштер боюнча  соттук коллегиянын ишин  камсыздоо башкармалыгынын улук консультанты  Айгерим  Шамурзаевага Алкыш жарыяланды.

Ошондой эле КРнын Юстиция  министрлигинин “Юстициянын мыкты кызматкери” медалы менен   КРнын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева жана анын  орун басары  Качыке Эсенканов  сыйланышты.

Ал эми КРнын Юстиция  министрлигинин “ Кызматташтык салымы үчүн” медалы менен  КРнын Жогорку сотунун судьялары Дильфуза Боронбаева,  Арзыбек Акыев,  Дильбар Кульматова, Камиль Осмоналиев, Нарын облустук сотунун судьясы Нуркалый Асанбаев, Бишкек шаардык сотунун судьясы Жаңыл Мамбеталы, Жалал-Абад облустук  сотунун төрагасы Шаршенбек Камбаров сыйланышты.

Ошондой эле КРнын Юстиция  министрлигинин Ардак грамотасы менен Жалал-Абад облусунун райондор аралык сотунун судьясы Нурила Каипова жана  Чүй облусунун Аламүдүн райондук  сотунун судьясы Аида Мусуралиева сыйланышты.

Мындан сырткары, ак ниет, үзүрлүү эмгеги жана жарандардын бузулган укуктарын калыбына келтирген салымы үчүн КРнын  Акыйкатчысынын Ардак грамотасы менен КРнын Жогорку сотунун судьясы  Бусурманкул  Бактыгулов сыйланды.

 

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021