17 апреля 2018, 17:54

Руслан Чойбеков ЖКга Дамирбек Асылбек уулунун ордуна депутат болуп келди

 Руслан Чойбеков ЖКга Дамирбек Асылбек уулунун ордуна депутат болуп келди

 

«Кыргызстан» партиясынын Жогорку Кеңешке карата талапкерлик тизмеси менен бүгүн Руслан Чойбеков парламентке депутат болду. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

 

Анда белгилүү болгондой, аталган партиядан ЖКда депутат Асылбек уулу Дамирбек Казакстандын аймагында аткезчиликке айыпталып кармалган эле. Кийинчерээк, анын Казакстандын жараны экендиги аныкталып, бул боюнча тастыктоочу документтер БШКга келип түшкөн. Мыйзамга ылайык. кош жарандуулугу аныкталган Дамирбек Асылбек уулу мандатынан ажыратылып, мандат партиянын тизмесинде 43-сапта турган Руслан Чойбековго ыйгарылды.

 

Ал Балыкчы шаарында туулган, кесиби экономист, бир катар бизнес, өндүрүш компанияларында жетекчилик кызматтарды аркалаган.

Отправить новости WhatsApp News
meerim
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter