2 мая 2018, 12:49

Абылгазиев: Саясий окуялар Көчмөндөр оюндарына таасир тийгизбеши керек

Кыргызстандын саясий турмушундагы окуялар III Көчмөндөр оюндарын өткөрүү сапатына таасирин тийгизбеши керек. Мындай талап бүгүн өкмөттө өткөн жыйында коюлду.

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул иш-чарага даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Ал ар бир мамлекеттик орган жана жергиликтүү бийлик оюндарды “уюштуруунун эң жогорку деңгээлинде” өткөрүүгө салымын кошуусу зарыл экенин белгилди.

 

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандын бюджетинен 316 млн сом жумшалары 17-апрелде парламентте айтылган.

 

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков кызматтан алынгандан кийин оюндарды буга чейинкидей эки жылда бир эмес, ар төрт жыл сайын өткөрүп турса туура болот деген пикирлер айтылган. Ал эми Жогорку Кеңеште өкмөт адегенде Балыкчы-Корумду жолун оңдоп бүтүшү керек дешкен.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021