10 мая 2018, 11:30

Аида Касымалиева: Өзгөндүн акимин кызматтан алуу керек

Өзгөн акимин кызматтан алуу сунушталды. Мындай сунушту бүгүн, 10-майдагы парламент жыйынында депутат Аида Касымалиева айтып чыкты.

 

Эл өкүлүнүн айтымында, Өзгөн акими эл менен тыгыз иштеп келген. “Акимге өзгөндүктөрдүн үнү жетпейт. Аким Олжобай Осмоналиевге эл нааразы экен. Ал качан гана депутат же премьер-министр Өзгөнгө барса, элди кыдырат. Иштесе, жакшы иштесин болбосо иштен кетсин. Бир нече айылда курулган мектептерге, кооптуу абалдагы мектептерден бир да жолу кабар алган эмес”, - деди Касымалиева.

Олжобай Осмоналиев Өзгөн районунун акими болуп 2017-жылдын март айында дайындалган.

1 комментарий
  1. Аида
    Эн туура сунуш. Мурдагы акимди кайра алып келиш керек.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021