10 мая 2018, 16:03

Масалиев Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратууну сунуштады

Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев бүгүнкү сессияда Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоого байланыштуу экс-президент Алмазбек Атамбаевден кол тийбестик макамды алууну сунуштады. Анын айтымында, ЖЭБди модернизациялоо үчүн Кытайдан насыя алууга Атамбаевдин түздөн-түз тиешеси бар.

 

- Акыркы күндөрү бизге маалымат жетти. 2013-жылдын май айында модернизация боюнча президенттик аппараттын эки бөлүмүнүн башчылары Сапар Исаков менен Айсулуу Ахмедова президенттин атына кызматтык кат жөнөткөн. 390 миллион доллар кредит алуу керек деп. Президент түзмө-түз каржы жана энергетика министрлерине аны аткаруу тууралуу тапшырма берип жатат. Бул чоң ката. Кыргызстанда жаш баладан тартып улгайгандарга чейин ушунча көлөмдөгү кредит президентсиз чечилбей турганын билишет. Бирок Конституцияда президенттин андай укугу жок. Министрлерге буйрук бере турган укугу болгон эмес. Бул жерде президент өз укугунан ашып түшкөн. Президент өзү буйрук берип атса, кайсы министр каршы пикир айта алат? Кантип талкуулайт? Баарыбыз билебиз эч ким сөз да айта албайт. Айрыкча бул "эл аралык мамилеге таасир берет, Кытай менен достук бузулат" дегенден кийин баарыбыздын тилибиз кыска болуп калат. Буга президенттин аралашканы, буйрук бергенинен кылмыштын белгиси көрүнүп турат. Узурпация деген сөз бар. Өзүнүн кызматына ылайыктуу эмес укуктарды өзүнө алып алуу деп эсептелинет. Ошол боюнча тиешелүү органдар карап чыкса, кызык нерселер табылышы мүмкүн. Корутундуда бир топ аттар жазылып турат. Мамлекеттик кызматкерлер, депутаттардын фамилиялары жүрөт. Мен мурдагы президент Атамбаев Алмаз Шаршеновичтен кол тийбестикти алуу тууралуу сунуш берем. Ал киши мыйзам алдында "баары тең" деп бир топ жолу айткан. Керек болсо "мен да жооп берем" деген. Биз укук коргоо органдарына мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Ак болсо ак, кара болсо жоопко тартылышы керек. Башатын тапсак, төрдө отурган премьер-министрлердин баары "бизге буйрук берген эле, унчукпай койгонбуз" деп айтышат. Алты жылда жети премьер болсо алардын кайсынысынан сурайбыз? Негизи туура эмес кадам менен кетип баратабыз. Менин сунушум, мурунку президенттин кол тийбестигин алуу керек.

 

Жогорку Кеңеш учурда Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого Кытай берген 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун угуп жатат. 

 

Булак: Азаттык

9 комментариев
  1. юг рулит
    юг рулит
  2. шг
    исасы кетет кулматову келет, кулматову кетет албеги келет. энеендурайын чмо сдпкакашкалар! бляттардыкы колунардан бок келбейт экен хули блят бийликке жабышып олтурасынар? сукалар! жалан сдпкакашка. ашанын кот жалагычтары йобаны вроттор! жегендери корунуп турса да камалбай энесинин торундо жургондой журушот. сукалар, атамбаев коток баш. 6жылда боктун ишин кылбады дармаед тилемчи чмо. кол тийбестигин алып по полной жазага тартыш керек сволочторду! 386 толосун озу, мултимилионер го с**а!
  3. barsbek
    Бирок Масалиев тундук туштукту кайраштырып койо жаздаган Усон акасы менен унутпайлы аны
    1. ен
      эненндурайын чмо, ашанын кот жалагычы!
  4. Зикир
    Азамат. Чыныгы атанын уулу экенсин. Апсамат Масалиевдин жаны жаннатта болсу, сага сендей баланы тарбиялагандыгы учун. Эми сунушунду аягына чыгарып эл баатыры бол
  5. Ангел
    Туура сунуш, колдойм Аша озуделе,коп айткан,:вор должен сидеть в тюрме: деп
  6. нг
    с**а аша пидараз! блят когда мы избавимся от них? аша сатыбалдиев сапар исаков суки пидаразы блят!!!! народ давайте просто сделаем революция и всех поголовна посадим! с**а аша гнида!
  7. Абас
    Негизи кол тийбести алса жакшы ,бирок депутаттар эртенки кунун ойлоп андай кадамга баргандан этияттап жаткандай, себеби эртен Атамбаев кайра Президент тактысына отурса зыян чегип калуудан сактанышуудаАлар азыркы Президентибистин кылган иш аракеттери дагыда жакшы нукка онугуп, осуп кетсе ишеничти арттырса бул да маселе чечилет
  8. Артур
    ВСЕМ АМНИСТИЯ!КТО ЧИСТ ПЕРЕД НАРОДОМЕСТЬ ТАКИЕ ОТВЕТЬТЕ ПО СОВЕСТИ

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021