Камчыбек Жолдошбаев: Азыр Манас өлүп калса, баары бир кошумчаны кошмоксуңар, акча топтоп Кытайдан кутулалы

16 мая 2018, 10:53

Еще видео

Эл өкүлдөрү Бишкек ТЭЦтиндеги аварияны жана модернизациялоого кеткен каражаттын сарпталышы боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун карап жатат.

Республика-Ата-Журт фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев жыйында кырдаал тууралуу төмөндөгүчө оюн билдирди: "Урматуу депутаттар, бул жерде айтылып жаткан сөздөрдүн баары туура. Бирок карызды төлөшүбүз керек. Каалайсыңарбы, каалабайсыңарбы! Силер кыргыз элин, кыргыз журтчулугун Манас өлгөндөй кылдыңар. Эми кыргыз эли азыр кайгырып турат. Ошол мезгилде, азыр Манас өлүп калса, баары бир кошумчаны кошмоксуңар. Жолдош төрөга, өзүнчө фонд түзүп же кайрымдуулук кылып, акча топтоп Кытайдан кутулалы. Манасты белге сайып өлтүргөн немелер, бизди же бул үч премьер-министрди аямак беле?"

 

Белгилей кетсек, Бишкек ТЭЦтиндеги аварияны жана модернизациялоого кеткен каражаттын сарпталышы боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун кароо түз эфирде уланып жатат.

 

Эске салсак, депутаттык комиссиясынын корутундусу 10-майда каралып, бирок иш күнү аяктагандыктан кийинкиге калтырылган болчу.




3 комментария
  1. Эрнис
    Далдыраган эшек, чегип алган го
  2. anonim
    койчу эээй
  3. Жыргалбай
    Койчу эс алчы дабдырбай

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021