24 марта 2020, 10:14

Коронавирус сыртта канча убакыт жашай алат?

 

 

Коронавирус жайыла баштагандан тарта аны сырттан жуктуруп алам деген коптонуу дагы күчөдү.

 

Дүйнө жүзү боюнча бирдей эле абалды байкоого болот. Кишилер эшиктин туткасын дагы чыканагы менен ачып жатышат. Коомдук транспорттогу жүргүнчүлөр кармагычтарга тийбөөгө тырышып, офис кызматкерлери күн сайын үстөлдөрүн, бөлмөнү сүртүп чыгууда.

 

Вирус табылган райондорду дезинфекцилоо масштабдуу жүрүүдө. Коргоочу костюмдарды кийген кызматкерлер көчөлөрдү, парк, соода борборлоруна чейин тазалоодо.

 

Бир жөтөлгөндө үч миң тамчы чачырайт

Британияда айрым ыктыярчылар түндөсү дагы банкоматтардын клавиатурасын тазалап жатышат. Көпчүлүк респиратордук оорулар, анын ичинде вирус Covid-19 аба аркылуу чүчкүрүп-бышкыргандан жугат.

 

Бир эле жолу жөтөлгөндө, андан үч миң тамчы чачырайт. Алар кийимге, жакын жерде турган буюм-тайымдарга түшөт. Адамдын заңында дагы узак убакытка чейин вирус сакталат деген маалыматтар бар. Ошондуктан дааратканадан кийин колун жакшылап жуубаса, тийген жеринин баарында вирус калтырат.

 

Ошол эле маалда америкалык адистер, кол менен бетти кармоо - вирусту жуктуруп алуунун негизги механизми эмес деп эсептейт.

Колуңарды жуугула

 

 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана башка медициналык уюмдар белгилегендей, колду туура жууп туруу жана күн сайын сыртты дезинфекциялоо коронавирустун жайылышына каршы күрөштүн эң маанилүү элементи.

 

Биз азырынча вирус сыртта калып калганда кишилерге канчалык жуктурарын так билбейбиз. Эксперттер этият болууга чакырууда.

 

Андан сырткары коронавирус кишинин организминен сырткары канча убакытка жашай алары дагы белгисиз.

 

Буга чейинки коронавирустун башка түрлөрүнө, анын ичинде SARS менен MERS вирустарына жүргүзүлгөн иликтөөлөр көрсөткөндөй, вирустар метталл, айнек, пластик буюмдарда тогуз күнгө чейин калып калат. Албетте, дезинфекция жүрбөгөн шартта.

 

Төмөнкү температурада бул мөөнөт 28 суткага чейин уланат.

Вирустар жана алардын жашаган чөйрөсү

Коронавирустар ар кандай шартта жашап кетүүгө жөндөмдүү экени белгилүү.

 

АКШнын Улуттук саламаттык институтунун вирусологу Нитле ван Дорелман жана анын кесиптештери азыркы коронавирустун сыртта канчага жашай аларын изилдөөгө алды.

 

Изилдөөнүн тыянагы New England Journal of Medicine журналына жарыяланды. Анда жөтөлгөндө сыртка чачыраган тамчылар ошол абалында үч саатка чейин сакталаары көрсөтүлгөн.

 

Микротамчы - өлчөмү 1-5 микрометр атмосферада бир нече саат жашай алат.

 

Андан сырткары картондо 24 саатка чейин жашай алары белгилүү болду. Ал эми пластмасса жана металлдын бөлүктөрүндө 2-3 күн жашай берет.

 

Башкача айтканда, вирус бул убакыттын ичинде эшиктин туткасында, үстөлдө жана башка жерлерде кала бериши мүмкүн экен.

 

Дезинфекциялоо

 

Активдүү дезинфекцияда вирус тез өлөт. Изилдөө көрсөткөндөй, 62-71% спиртте же 0,5- кычкыл суутекте же үй шартындагы хлордо вирус бир минутада өлөт.

 

Жогорку температура жана нымдуулук дагы коронавирустардын өлүшүн тездетет.

 

Маселен, SARS вирусу Цельсия боюнча 56 градуста өлөт. Болжолу 10 миң вирустук бөлүкчөлөр 15 минутанын ичинде жок болот.

 

Бирок азырынча илдетти жуктурган адамдын чүчкүрүк-бышкырыгынан канча вирустук бөлүкчөлөр бөлүнүп чыгары тууралуу маалыматтар жок.

 

Грипп тууралуу маалыматтар көрсөткөндөй, микротамчылар он миңдеген грипп вирусун алып жүрө алат. Бирок бул сандар вирустун түрүнө карап, ар башка дагы болушу мүмкүн.

 

Азырынча вирус кийим-кечеде жана башка дезинфекция кылуу кыйын болгон жерлерде канча убакытка сакталаары белгисиз.

 

Температуранын жана нымдуулуктун өзгөрүшү вирустун жашоо мөөнөтүнө канчалык таасир эте аларын дагы изилденүүдө. "Биз азыр муну билүү үчүн эксперименттерди жүргүзүп жатабыз",-деди иликтөө тобунун башчысы Винсент Мюнстер.

 

Анын айтымында, сыртта вирустун узак убакытка кала бериши - колду таза жууп, жашаган жерди тазалап туруу канчалык маанилүү экенин көрсөтөт. (AbA)

 

 

maksat
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter