8 апреля 2013, 07:53

“Кыргызстан сулуусу 2013” наамына Гүлнара Жаныбекова ээ болду

5-апрелде Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өткөн "Кыргызстан сулуусу-2013” сынагынын жеңүүчүсү аныкталды. Аталган наамга Гүлнара Жаныбекова аттуу сулуу тактыктуу болду. Ал эми 1-вице-мисс наамына Айдана Назарова ээ болсо, 2-вице-мисс наамын Алина Фларова аттуу сулуу багынтты.

Белгилей кетсек, мелдешке Кыргызстандын ар бир районунан 40 кыз катышкан. Булардын арасынан калыстар тобу финалга 10 кызды тандап алышты. Сынак "Коктейл көйнөктөр”, "Спорттук көйнөктөр”, "Улуттук көйнөктөр” жана "Кече көйнөктөр” деген баскычтардан турду.

 Жеңүүчү болгон Гүлнара Жаныбекова "Кыргызстандын 2013-жылдагы Ханышасы” наамын алып, 25-майда Бишкекте өтө турган "Сулуулук жана Модель” аттуу эл аралык фестивалга катышууга мүмкүнчүлүк алды. Мындан сырткары ага Испанияда 2 апта эс алып келүүгө жолдомо берилди.

Иш-чаранын уюштуруучулары - Бүткүл дүйнөлүк сулуулук конгрессинин Кыргызстандагы расмий өкүлчүлүгү, Beauty of KG компаниясы, Маданият жана туризм министрлиги иш-чарага колдоо көрсөтүшкөн.  Бул жөрөлгө «Bionirica» немис фармацевтика компаниясынын расмий колдоосунун алдында өткөрүлдү.


Источник:  KYRGYZTODAY
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Begai
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter