2 сентября 2015, 09:51

Аналитик: ЕАЭБ алкагында долларды колдонуудан чыгарууга мезгил келди

Доллар менен евро ЕАЭБ өлкөлөрүнүн соода мамилелеринде четтетилиши керектигин Sputnik агенттигине финансылык аналитик Андрей Красников Мамлекеттик Думага жөнөтүлгөн ЕАЭБ алкагында финансы рыногун түзүү боюнча мыйзам долбоорун түшүндүрүп жатып билдирди.

Бирдиктүү финансы рыногун түзүү боюнча макулдашууну ратификациялоо мыйзам долбоорун Думага Владимир Путин киргизди. Документтин калбы алынышы менен ЕАЭБ өлкөлөрү бардык валюталык операцияларды доллар жана еврого которбостон жүргүзө алат.

Красниковдун айтымында, Кыргызстанга мындай документ абдан зарыл.

"Бул бизди доллар менен евродон кутултпайт, анткени биздин тышкы карызыбыз чоң. Бирок ЕАЭБ үчүн бул жакшы мүмкүнчүлүк", — деди эксперт.

Аналитик чет элдик валютаны четтетүү үчүн миграциялык агымды жана товарлардын ооштурулушун жөнгө салуу керек деп эсептейт.

"Банктардын валютаны конвертациялоо муктаждыгы жоюлат. Бул жалпы иштин натыйжалуулугун арттырарына шек жок. АКШ өз санкциялары менен ЕАЭБ өлкөлөрүнө да, өз жарандарына да тоскоолдук жаратып, банктардын ишин татаалдаштырууда. Муну ички саясатка кийлигишүү деп атоого болот", — деди Красников.

Эксперт эсептешүүдө валюта тандоого мүмкүнчүлүк түзүлөт, анткени Кыргызстандын товар экспорттоочулары көбүнесе Казакстан жана Россия мамлекеттери менен иштейт.

Кыргызстан август айынан тарта Армения, Белоруссия, Казакстан жана Россия менен катар ЕАЭБге толук кандуу мүчө болду. Мындан улам кыргыз-казак чек арасындагы бардык бажы процедуралары жоюлган. Кыргызстандын аймагында бирдиктүү бажы тарифи жана ЕАЭБ ишмердүүлүгүнүн тышкы экономикалык бирдиктүү товар номенклатурасы жана Бажы союзунун техникалык регламенти тарабынан продукцияга болгон бирдиктүү талап бекитилген.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020