13 июля 2012, 11:07

Өкмөт башчы Ө.Бабанов АКИpressти сатып алам деп ири сумманы сунуштаптыр

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов айтылуу АКИpress агенттигин сатып алууга тиш салып көргөн экен. Бул тууралуу ишенимдүү булактар кабарлашты, деп жазат «Арена.kg» гезити 12-июлда чыккан санында.

Басылмада белгиленгендей, керек болсо, кайсы бир журналист айымга маалымат агенттикке редактор болууну сунуштап жибериптир.

«Кыязы, акчанын күчүнө салып алып коём деп ишенген го. Бирок, бир топ «нөлү» бар ири сумманы айтып, сатып алуу оюн билдирсе, АКИpressтин аталыгы Тазабек сылык гана баш тартып, Бабановду келген жолуна салыптыр. Ошентсе да үмүтүн үзбөй башбакан кайра жуучу жиберип, сумманы көбөйтүп жатат дейт», - деп жазылат гезитте.

Булак : Арена.kg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

Материалы за неделю

Новостей нет

KABARLAR.ORG 2021