1 июня 2015, 16:50

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга энертика жаатындагы абалды жакшыртуу багытында жеӊилдетилген насыя бөлөт

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга энертика жаатындагы абалды жакшыртуу багытында жеӊилдетилген насыя бөлөтЖогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде «2015-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө (Электр менен жабдуунун отчеттуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча долбоор)» мыйзамдын долбоору каралып, аны дароо эле үч окууда парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиев келишимге ылайык алына турган бул каражат «Түндүкэлектр» ААКсынын электр кубатын жоготуусун кыскартуу, ашыкча чыгымдарды азайтуу багытында жумшала турганын айтты. «Каражат заманбап көмөкчү чордондорду курууга, «акылдуу эсептегичтерди» орнотууга жумшалат. Азырынча, Чүй аймагындагы абалды жакшыртып алсак, андан кийин башка аймактарда да ушундай эле чаралар колго алына баштайт», - дейт ал.

Келишимге ылайык, Дүйнөлүк банк бул багытта 25 млн доллар өлчөмүндө жеӊилдетилген насыя бөлөт. Анын ичинде 11,25 млн доллар грант, 13,75 млн доллар насыя болуп саналат. Насыя 38 жылдык мөөнөткө 0,75 пайыздык үстөгү менен берилүүдө.

Nursuluu
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KPRESS.ORG 2016

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter