24 апреля 2015, 17:22

Ч.Турсунбеков: Коалициядагы өнөктөштөр - “Ар-Намыс”, “Ата Мекен” фракциялары макулдашылган пикирден кайтып кетпесе, коалиция тарабайт

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Кыргыз Республикасынын Премьер-министрлигине ким сунуштала тургандыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.

Анда фракция лидери Ч.Турсунбеков шайлоого алты айга чукул убакыт калгандыгын белгилеп, бул убакыттын ичинде жаңы келген Өкмөт жаңы программа, жаңы түзүм менен чыгышы кыйыныраак, татаалыраак экенин белгиледи. “Ошондуктан, буга чейинки кабыл алынган даяр программалар бар. Ага жараша бүгүнкү эле Өкмөттүн курамынан болобу, же ушул программаны ишке ашырууга активдүү катышып келген адамдардан болобу бирөөнү алып чыгуу туура болот го деген пикирге келип жатабыз. Конкреттүү ким болоорун жакынкы убакытта чечебиз деп ойлойм. Кийинки келе турган премьер-министр бүгүнкү күндөгү жүргүзүлүп жаткан иштерди, анын ичинде “Кумтөр” маселесин дагы мындан ары дагы алып кете турган, баарын баштан баштабай, аракеттеги Өкмөттүн программасын жакшы билген адам болушу керек”, - деди фракциянын лидери.

Ч.Турсунбеков КР Өкмөт башчылыгына талапкерлер боюнча коомчулукта айтылып жаткан адамдардын ар бири боюнча жакында фракциянын жыйынын өткөрүп, ар бир талапкерди талкуулай тургандыгын маалымдады. Мындан сырткары, коалициядагы өнөктөштөрү – “Ар-Намыс” жана “Ата Мекен” менен кеңешүүнү туура көрүп жаткандыгын кошумчалады. “Алардын да пикирлерин угуп, өзүбүздүн дагы сунуштарыбызды даярдап, анан кийин бир–эки адамдын тегерегине токтолобуз деп турабыз. Балким, айтылып жаткан талапкерлердин ичинен же жаңы талапкер чыгып калышы мүмкүн”, - дейт ал.

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020